Бишкек: Милиция кызматкери РИИБнын сактоочу жайынан 33,8 кг баңгизат уурдаган

Бишкек шаарынын Биринчи май РИИБнин кызматкери далил буюмдарды сактоочу жайдан 33,8 кг баңгизат уурдаган. Бул тууралуу 2-февралда Башкы прокуратура маалымдады.

Маалыматка ылайык, Биринчи май райондук милициясынын сактоочу жайында, кылмыш иши боюнча буюм далил катары табылган 33 кг 850 гр баңгизат уурдалгандыгы аныкталган.

Кылмышка шектелип аталган жайдын жооптуу кызматкери, милициянын старшинасы кармалды. Ал баңгизатты уурдап алып, жасаган кылмышын жаап-жашыруу максатында 23 кг 624 гр 189 мг төмөнкү сапаттагы баңгизатка алмаштырып, жетпей калгандыктан таш жана бетон калдыктарын салып койгон.

Тергөө иштеринин негизинде, ага «Баңгизат каражаттарын же психотроптук заттарды уурдоо же болбосо опузалап алып коюу» жана «Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатысыз мыйзамсыз даярдоо» беренелеринин негизинде айып угузулган.

«Клоопту» чектөөлөргө карабай, тоскоолдуксуз окуй ала турган күзгү функциясы бул жерде: https://storage.googleapis.com/qurium/ky.kloop.asia/index.html