Евразия өнүктүрүү банкы «Куланак» ГЭСтин курулушун каржылайт

Евразия өнүктүрүү банкы (ЕАӨБ) кубаттуулугу 100 МВтты түзгөн Нарын облусундагы «Куланак» ГЭСнин курулушун каржылайт. Бул тууралуу 2-февралда ЕАӨБдүн басма сөз кызматы билдирди.

Каржылоо макулдашуусуна «Нарын» өндүрүштүк ишканасы» компаниясы менен ЕАӨБдүн ортосунда кол коюлду. Алардын маалыматына ылайык, «Куланак» ГЭСнин курулушу — бул ЕАӨБдүн «Борбор Азиянын суу-энергетикалык комплекси» инвестициялык долбоорунун жаңы этабы.

ЕАӨБдүн маалыматына ылайык, «Куланак» ГЭСнин кубаттулугу 100 МВт, ал эми электр энергиясын өндүрүүнүн орточо жылдык кубаттуулугу 435 млн кВт/саатты түзөт. Объект Нарын дайрасынын Куланак айылына жакын жерине курулат.

«“Куланак” ГЭСин ишке киргизүү Кыргызстандын Борбор Азиядагы электр энергия рыногунда позициясын бекемдөөгө, анын ичинде аймактагы электр энергиясынын тартыштыгын кыскартууга, ал жерде кубаттуулугу 40 МВт жалгыз бир эле ГЭС бар, өлкөнүн энергетикалык коопсуздугун дагы жогорулатууга мүмкүндүк берет», — деп билдиришти ЕАӨБдөн.

Долбоордун баасы — 117 млн 989 миң долларды түзөт. Каржылоого Орус-кыргыз өнүктүрүү фонду дагы кошулат.