Эл артисти Гүлшайыр Садыбакасова маданият министринин түштүк аймагы боюнча кеңешчиси болду

Эл артисти Гүлшайыр Садыбакасова маданият министринин түштүк аймагы боюнча коомдук башталыштагы кеңешчиси болуп дайындалды. Бул маалыматты «Клоопко» Маданият министрилигинен тастыкташты.

Буга чейин, 2-февралда, Садыбакасова Ош шаарындагы Рыспай Абдыкадыров атындагы облустук филармониянын жетекчиси кызматын тапшырганы кабарланган. Ал эми директорлук кызматка сынак жарыяланган.

Маалыматка ылайык, директорлукка талапкерлер «Маданият жана искусство» багыты боюнча жогорку кесиптик билими жана жетекчилик кызматтарда 2 жылдык, ал эми маданият жана искусство чөйрөсүндө 3 жылдан кем эмес тажрыйбасы болушу шарт.

Сынакка катышуу үчүн тиешелүү документтер үстүбүздөгү жылдын 13-февралына чейин кабыл алынат.

Филармониядагы чуу

Облустук филармонияны 2000-жылдан бери жетектеп келген Гүлшайыр Садыбакасова «ден соолугуна байланыштуу кызматын өз каалосу менен тапшырганын айтып, анын беделине доо келтиргиси келгендер болгонун» билдирди.

«Менин абройума шек келтирип, ар-намысымды тебелеп-тепсөөгө аракеттеништи... [...] Бүгүн барбыз, эртең жокпуз! Бул дүйнөдөн мен да өтөм, артымдан мени каралагандар да, мактагандар да өтөт. “Биринчи байлык, ден соолук” дегендей, учурда ден соолугума кам көрүү зарыл болуп жатат. Мындан 3 жарым ай мурда министр Алтынбек Максутовго ден соолугума байланыштуу Жаңы жылдан тарта жумуштан кетеримди айткан элем. Ошол сөзүмдө туруп, Бишкекке жумуштан өз каалоом менен кетүү жөнүндө арыз жазууга жөнөдүм», — деп жазган Эл артисти.

Буга чейин, 2022-жылы 7-декабрда, депутат Аида Исатбек кызы Жогорку Кеңештин жыйынында Оштогу филармониянын «абалы оор» экенин айтып, аны 22 жылдан бери жетектеп келе жаткан Гүлшайыр Садыбакасованын кызматын кайра кароону сугуштаган.

Анда Садыбакасова депутаттын пикирин «жалган-жалаа, куру доомат» деп атап, андан кечирим суроону талап кылган.

Ал эми эл өкүлү ага жооп катары маселени «филармониядагы шартты жакшыртуу менен маданий жайдын өнүгүшүнө өбөлгө түзүү максатында көтөргөнүн, Садыбакасовага карата жеке таарынычы жок» экенин билдирген.