«МедиаХаб»: Орусияда абакта жаткан дагы бир кыргызстандыктын сөөгү Украинадагы согуштан келди

Маркум Янгибай Рахимов. Сүрөт: «МедиаХаб»

Орусияда абакта жаткан Өзгөн районунун тургуну Янгибай Рахимов 2022-жылдын 9-декабрында Украинанын Бахмут шаарында согушта каза тапканы белгилүү болду. Анын сөөгү 23-январда кичи мекенинде жерге берилди. Бул тууралуу «МедиаХаб» 1-февралда видео жарыялады.

Рахимовдун агасы Шертай Рахимов «МедиаХабдын» журналисттерине окуя тууралуу айтып берди.

Анын айтымында, Тывада жаза мөөнөтүн өтөп жаткан маркум Янгибай Рахимов Орусияга эмгектенгени эки жыл мурда кеткен. Ал такси айдап иштеп жүргөн кезде — 2022-жылдын жай мезгилинде баңгизат менен кармалып, 5 жарым жылга кесилген.

Өлгөндүгү тууралуу справкада инисинин өлүм себеби «аскердик операция учурундагы жардыруудан» деп жазылган. Шертай Рахимов инисинин ал жакка кимдер менен барганын так билбейт.

«Булар абактан алты ай кызмат өтөгөндөн кийин эркиндикке чыгуу келишими менен кетишкен. Мен “кой, [түрмөдө] отура бер” дегем. Ал жерде Жалал-Абаддан, Советтен [Кара-Кулжа], ар жактан өзүбүздүн кыргызстандык балдар болгон. Биринчи ошолор кеткен. Алар барып, “баары жакшы, бул жакка келе бер, кыжаалат болбо, Кудай кааласа алты айда чыгып кетебиз” деп ага чалышкан», — деди маркумдун агасы.

Шертай Рахимов иниси кийинчерээк ага курулушта иштеп жүргөнүн айтып чалганын, андан соң такыр байланышка чыкпаганын билдирди. Ошондой эле ал Янгибай Рахимовдун өлүмүнө байланыштуу компенсация төлөп бериши мүмкүн экенин кошумчалады.

«Ал жактан мага жерге берүү зыйнаты үчүн 100 миң рубль акча беришти. “[Компенсация тууралуу] жерге берип келгениңден кийин сүйлөшөбүз” дешкен, ошол. Эми барганда сүйлөшөм», — деди ал.

Агасынын айтымында, үстүбүздөгү жылы 40 жашка толгон кенже инисинин артында төрт жана сегиз жаштагы эки баласы калды.

«Клооп» абакта жаза мөөнөтүн өтөп жаткан Кыргызстандын жараны Украинада мерт болгону тууралуу Тышкы иштер министрлиги жана Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинен комментарий алууга аракет кылып, бирок андан майнап чыккан жок.

Башкы прокурор Курманкул Зулушевдин маалыматына ылайык, Орусиянын абак жайларында Кыргызстандын 1077 жараны бар, алар 79 ар башка жабык жайларда отурат.

Зулушев бийлик кыргызстандыктарды жаза мөөнөтүн андан ары Кыргызстанда өтөшү үчүн өлкөгө алып келүү маселесин талкуулап жатканын кошумчалаган.

Азырынча Орусияда жаза өтөп жаткан канча кыргызстандык Вагнер ЧВКсына тартылганы белгисиз. Бирок буга чейин кыргызстандык Аян Алишеров тууралуу белгилүү болгон. Ал орус армиясы 2022-жылдын жай мезгилинен бери басып алууга аракет кылып жаткан Украинанын Бахмут шаарында каза тапкан.

30 жаштагы Алишеровдун туугандары ЖМКга маркум Орусиянын курамына кирген Мордовия республикасындагы колонияда жаза өтөп жатканын айтып беришкен. Иниси менен акыркы жолу сүйлөшкөндө Алишеров алардын колониясына Вагнер ЧВКсынан келишкенин айткан. Сүйлөшүүдө маркум согушка баруу ниети тууралуу айткан эмес, бирок андан кийин жакындары менен байланышпай калган.

Украинага кол салууга «азгыруу»

Өткөн жылдын июнь айында «МедиаХабдын» журналисттери Борбор Азия өлкөлөрүнүн жарандарын, анын ичинде кызгызстандыктарды «Вагнер» жеке менчик аскердик компаниясы (ЧВК) аркылуу Украинадагы согушка азгырып жатканы тууралуу иликтөө жарыялаган.

*ЧВК «Вагнер» же «Вагнердин тобу» — расмий эмес куралдуу түзүм. Орусиялык ЖМКлар аны жеке менчик аскердик компания деп аташат. The Bell басылмасынын маалыматына ылайык, аны Орусиянын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын жетекчилиги жашыруун көзөмөлдөйт.

Иликтөөчү журналисттер кыргызстандык соцтүйүндөрдө Орусияга жеке күзөт кызматына жумушка кабыл алуу тууралуу жарыялар пайда болгонун, жарыяда көрсөтүлгөн номерлерге байланышканда, «приоритеттер алмашканына байланыштуу» күзөт кызматына жумушчулар алынбай калганын айтканын билдиришкен.

Ордуна башка жумуш — «Украинадагы атайын операция жүрүп жаткан аймакта тапшырмаларды аткарууну» сунуштаган.

Телефон номерлерди идентификациялоочу кызмат ал номер ЧВК «Вагнер» деп катталганын көрсөткөн. Молькино деп аталган аймакта ЧВК «Вагнердин» базасы жана азгырык пункту жайгашканын Орусиялык ЖМКлар да жазышкан.

2022-жылы 30-декабрда Donday басылмасы Орусиянын Ички иштер министрлиги Украинанын аннексияланган Луганск облусундагы «Вагнер» машыгуу лагеринен качып кеткен алты жалданма аскерге издөө салганын жазган.

Анда качкандар машыгуу борборуна келгенге чейин Орусияда камакта жаткан кыргыз, беларус, орус жана үч өзбек жараны экени айтылган. Басылма соттолгондор 21-22-декабрда качканын билдирип, аты-жөнүн маалымдаган эмес. Аны менен катар, качкан алты киши куралчан жана кооптуу экенин белгилеген.

Орусиянын «Русь сидящая» укук коргоо уюмунун башчысы Ольга Романова Орусияда абакта отургандарды Украинадагы согушка тартуу жаңы деңгээлге чыкканын айткан. Ал абактагыларды согушка ошол эле Вагнер жеке менчик аскердик компаниясы тартып жатканын билдирген.

ТЕМА БОЮНЧА:

«Супер Инфо»: Орусияда абакта жаткан жигиттин сөөгү Украинадагы согуштан келди

Укук коргоочу: Орус абактарынан Украинадагы согушка биринчи кезекте борбор азиялыктар тартылууда