Адвокат: Эсеп палатасынын отчёту Бөлтүрүктүн күнөөлүү экенин жасалма көрсөтүүгө багытталган

«Кумтөр Голд Компани» ишканасынын мурдагы тышкы башкаруучусу Тенгиз Бөлтүрүктүн жактоочусу Кайсын Абакиров Эсептөө палатасынын отчёту коомдук аң-сезимди манипуляциялоого жана президент Садыр Жапаровдо Бөлтүрүк күнөөлүү экен дегендей ой калышы үчүн багытталган деп билдирди.

Абакиров азыркы тапта ЖМКда Бөлтүрүктүн «Кумтөрдө» тышкы башкаруучу болуп турган учурда жасаган иштерин «туш келди каралоо» жүрүп жатат, ал эми Эсептөө палатасынын отчёту «укук коргоо органдарынын материалдык чыгымды аныктоого байланыштуу бардык дооматтарын канааттандырууга жол ачат» деп эсептейт.

«Эсеп палатасынын мындай материалдары кандай гана бийлик болбосун аларды өз кызыкчылыгы үчүн, учурдагы кырдаалга жараша жана керектүү жыйынтык алууга пайдаланса болот деген ой калтырат», — дейт ал.

Адвокат Бөлтүрүктүн ишинин натыйжалуулугун «Кумтөрдүн» ишиндеги өзүнчө багыттар боюнча эмес, комплекстүү караш керектигин жазды.

«Ишкананын 2021-жылдагы таза кирешеси бардык салыктар төлөнгөндөн кийин 233,2 миллион доллар болгон. Ал эми 2022-жылдын алты айында 152,5 миллион долларды түзгөн. 2021-жылдын 7,5 айында эле жалпы операциялык чыгымдар 104 млн долларга (8,5 млрд сом үнөмдөө) азайтылган. Бул дүйнөдөгү кайсыл гана компания болбосун эң жогорку өндүрүштүк көрсөткүч. Эмне үчүн бул жөнүндө Министрлер кабинети унчукпай отурат? Эмне үчүн жарыялап же Бөлтүрүккө КГК боюнча толук отчёт жасап, эки компаниянын реалдуу жыйынтыктарын көрсөткөнгө мүмкүндүк беришкен жок?» — деп суроо салды Абакиров.

Ал Бөлтүрүктүн аракетинде кылмыштын курамы жоктугун, алар аны сотто далилдөөгө даяр экендигин кошумчалады.

Эсептөө палатасынын отчёту

Жакында эле Эсептөө палатасы «Кумтор Голд Компани» ишканасынын 2021-жылдын 17-майынан 2022-жылдын 30-июнуна чейинки ишмердигинин аудиттик отчётун жарыялаган. Анда компания каражатты ыксыз короткону тууралуу айтылган.

Палатанын маалыматына ылайык, 2022-жылдын 6 айында «Кумтөр» компаниясы «Улуу көчмөндөр мурасы» улуттук холдингине 32 долбоорду ишке ашыруу үчүн 1,9 млн доллар короткон, анын 1,7 млн доллары адистердин айлыгына кеткен.

Долбоорлорлордо «Аврора» санаторийин модернизациялоо, бөтөлкөлөнгөн таза суу, Караколдогу аэропортту реконструкциялоо, «Каприз» тоо лыжа отелин модернизациялоо, заманбап беш жылдыздуу мейманкана жана мрамор өндүрүүчү завод куруу иштери көрсөтүлгөн. Эсептөө палатасы долбоорлор ишке ашырылбай, «Кумтөр» менен «Кыргызалтын» чыгым тартып калганын белгилеген.

Бөлтүрүктүн кармалышы

Тенгиз Бөлтүрүк «Кумтөр Голд Компанини» 2021-жылдын майынан тартып жетектеген — дал ушул күнү бийлик кенге сырткы башкаруу киргизген. 2022-жылдын 24-августунда минкаб Бөлтүрүк «Кумтөрдүн» тышкы башкаруучулугунан четтетилгенин кабарлаган. Бул Эсептөө палатасы кендин ишинде каржылык бузууларды аныктагандан кийин болгон..

Өткөн жылдын 13-сентябрында Башкы прокуратура Кумтөр кенин иштеткен «Кумтөр Голд Компанинин» ишин текшерүүнүн жыйынтыгында үч кылмыш иши козголгонун кабарлаган. Компания мамлекетке 1 млрд доллардай зыян келтиргени айтылган.

Ошол эле күнү кечинде Башкы прокуратуранын Тергөө башкармалыгы Тенгиз Бөлтүрүк менен жетекчиликтин эки өкүлүн кармаган. Бөлтүрүк УКМКнын ТИЗОсуна киргизилген, соттун акыркы чечимине ылайык, ал 10-мартка чейин камакта болот.

Бөлтүрүк болсо өзүнө каршы козголгон кылмыш ишин «абсурд» деп атап, кол алдындагылардын баары үчүн жооп бере албасын айтууда.