Эсептөө палатасы: «Кумтөр» «Улуу көчмөндөр мурасына» 1,9 млн доллар короткон — көбү айлыкка кеткен

Эсептөө палатасы «Кумтөр» компаниясынын 2021-жылдын май айынан 2022-жылдын июнь айына чейинки ишмердигинин аудиттик отчётун жарыялады. Анда компания «Улуу көчмөндөр мурасы» улуттук холдингине 1,9 млн доллар короткону айтылат.

Каражат бөлүү чечимин компаниянын ошол учурдагы тышка башкаруучусу, учурда камакта отурган Тенгиз Бөлтүрүк кабыл алган.

Отчётко ылайык, бөлүнгөн 1,9 млн доллардын көпчүлүк бөлүгү адистердин айлыгына кеткен.

  • чет элдик кызматкерлердин айлыгына — 1,148 млн доллар;
  • жергиликтүү кызматкерлерге — 407 миң доллар;
  • келишимдик негизде иштегендерге — 175,8 миң доллар;
  • кеңсенин ижарасы, эмерек жана материалдарга — 130 миң долларга чукул коротулган.

«Улуу көчмөндөр мурасы» 2021-жылдын 14-декабрында түзүлгөн. Эл аралык тажрыйбаны менен жер казынасын пайдалануу жана ага байланыштуу экономикалык тармактардагы долбоорлорду ишке ашыруу үчүн мамлекеттик ресурстарды максималдуу топтоштурууга жөндөмдүү ири интеграцияланган структураны түзүү холдингдин негизги максаты болгон. Бирок 2022-жылдын декабрында холдинг жоюла турганы, ал үчүн 700 млн сом талап кылынары белгилүү болгон.

Эсептөө палатасынын отчётунда «Кумтөрдүн» эсебинен улуттук холдтинг 32 долбоорду ишке ашырмак экени дагы айтылат. Алардын ичинде «Аврора» санаторийин модернизациялоо, бөтөлкөлөнгөн таза суу, Караколдогу аэропортту реконструкциялоо, «Каприз» тоо лыжа отелин модернизациялоо, заманбап беш жылдыздуу мейманкана жана мрамор өндүрүүчү завод куруу долбоорлору бар.

«Долбоорлор бүгүнкү күнгө чейин ишке ашпай туруп калды, муну менен келтирилген чыгымдар “КГКнын” жана жалгыз акционер — “Кыргызалтын” финансылык ишмердүүлүгүнө терс таасирин тийгизди», — деп айтылат отчётто.

Эсептөө палатасы мамлекеттик органдарга «Кыргызалтын» жана «Кумтөр» менен биргеликте «Улуу көчмөндөр мурасы» улуттук холдинги баштаган долбоорлорду андан ары ишке ашыруунун максатка ылайыктуулугун карап чыгууну сунуштады.

Ошондой эле «Кумтөргө» «Улуу көчмөндөр мурасын» каржылоону токтотуп, келтирилген чыгымдарды калыбына келтирүү боюнча чараларды көрүү сунушталды.

«Кумтөрдүн» жетекчилигинин кармалышы

Тенгиз Бөлтүрүк «Кумтөр Голд Компанини» 2021-жылдын майынан тартып жетектеген — дал ушул күнү бийлик кенге сырткы башкаруу киргизген. 2022-жылдын 24-августунда минкаб Бөлтүрүк «Кумтөрдүн» тышкы башкаруучулугунан четтетилгенин кабарлаган. Бул Эсептөө палатасы кендин ишинде каржылык бузууларды аныктагандан кийин болгон.

Өткөн жылдын 13-сентябрында Башкы прокуратура Кумтөр кенин иштеткен «Кумтөр Голд Компанинин» ишин текшерүүнүн жыйынтыгында үч кылмыш иши козголгонун кабарлаган. Компания мамлекетке 1 млрд доллардай зыян келтиргени айтылган.

Ошол эле күнү кечинде Башкы прокуратуранын Тергөө башкармалыгы Тенгиз Бөлтүрүк менен жетекчиликтин эки өкүлүн кармаган. Бөлтүрүк УКМКнын ТИЗОсуна киргизилген, соттун акыркы чечимине ылайык, ал 10-мартка чейин камакта болот.

Бөлтүрүк болсо өзүнө каршы козголгон кылмыш ишин «абсурд» деп атап, кол алдындагылардын баары үчүн жооп бере албасын айтууда.