Бажы кызматынын имаратынын алдында нааразычылык акциясы өттү

Сүрөт: Жазгүл Эгембердиева/Azattyk

6-февралда Бажы кызматынын башкы имаратынын алдында Корея Республикасынан унаа ташыгандар салыктын кымбаттап кеткенине нааразы болуп, акция өткөрүштү. Бул тууралуу «Азаттык» басылмасы билдирди.

Маалыматка ылайык, акцияда чогулган кыркка жакын жаран сырттан алып келинген унааларга төлөнүүчү бажы салык акысы мурдагыдан кымбаттаганын жана бул тууралуу аларга эч ким алдын ала эскертүү бербегенин айтышты.

«Бажы мекемеси бажыдан өткөрүү баасын бир тараптуу көтөрүп жатат. Бул биздин — Корея Республикасы жана башка өлкөлөр менен беш-алты жылдан бери иштешип жүргөндөрдүн укугун бузууда», — деп билдирди акциянын катышуучусу Алмаз Мавлянов.

Ишкерлер чек ара төлөмүнүн баасын жогорулатпай, мурдагы калыбында калтырууну талап кылып жатышат.

«Себеби жолдо толтура машина келе жатат. Жылдары ар кандай. Көтөргөндө кээ бир машиналар боюнча айырма — 2 миң доллардын ордуна 4,6-5,6 миң доллар төлөп калабыз», — деди ишкер.

Ал эми Бажы кызматынан бажы алымынын чени жогорулаганы боюнча маалымат «жалган» деп билдиришти.

«2023-жылы бажы төлөмдөрүнүн жалпы көлөмүнө таасир этүүчү бажы наркын жана бажы алымдарынын тиешелүү ставкаларын аныктоо тартиби 2022-жылдагы деңгээлде сакталганын белгилейбиз», — деп билдиришти мекемеден.

Бажы кызматынан ташып келүү бажы алымы менен Евразия экономикалык комиссиясынын веб-сайтынан жана ведомствтнун сайтынан таанышса болорун кошумчалашты

Автору: Альбина Жыргалбек кызы