ФКК: Орусиялыктардын КМШ жана Монголияга агымы 2022-жылы эң жогорку чекке жеткен

Орусиялыктар 2022-жылы Кыргызстан, Армения, Өзбекстан, Тажикстан жана Монголияга 8,4 млн жолу кирген. Бул тууралуу Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматынын маалыматына таянып, «Новая Газета Европа» жазды.

Маалыматта орусиялыктар аталган өлкөлөргө кирүү боюнча беш жылдык рекордду коюшканы белгиленет. 2021-жылы орусиялыктар бул өлкөлөргө 3,7 млн жолу киришкен.

«Новая газета Европанын» эсебине ылайык, орусиядыктар 2022-жылы өлкөдөн жалпысынан 24,3 млн жолу чыгышкан. Бул 2021-жылга караганда 2,9 млн эсе көп экени белгиленет. Алар көбүнече Абхазия, Түркия, Казакстан, Араб Эмираттары жана Египетке чыгышкан. Бул өлкөлөргө жалпысынан 15,1 млн чыгуу туура келген.

Басылма орусиялыктар өлкөдөн баарынан да 2022-жылдын үчүнчү кварталында, Орусияда мобилизация башталганда көп чыгышканын белгилейт. Июль-сентябрь айларында Орусия менен коңшулаш өлкөлөргө 3,5 млн жолу, ал эми октябрь-декабрь айларында дагы 2,1 млн жолу чыгышкан.

Федералдык коопсуздук кызматынын маалыматына ылайык, 2022-жылы орусиялыктар Кыргызстанга 446 миң 574 жолу киришкен. Булардын көбү былтыркы жылдын үчүнчү кварталына туш келет.

«Новая газета Европа» мындай көрсөткүч Орусиядан миллиондогон жаран чыгып кетти дегенди билдирбесин түшүндүрөт. Орусиянын ФКСсы жарандардын бардык чет өлкөлөргө чыгууларын эсепке алат. Башкача айтканда, эгер бир адам чет өлкөгө эки жолу чыкса, статистикада экөөсү тең эсепке алынат. Орусиянын чек арачылары жарандардын кайра Орусияга кирүүсү жөнүндө маалыматтарды жарыялашпайт.

Кыргызстан 2022-жылы Орусиядан качкандардын бир нече толкунуна кабылган. Биринчиси — жыл башында, орус аскерлери Украинага толук масштабдуу басып киргенде болгон. Орус аскерлери коңшу өлкөнүн аймагындагы аскердик аракетин бүгүнкү күндө да улантууда.

Экинчиси — Орусияда мобилизация башталганы тууралуу алгачкы маалыматтар чыкканда болгон. Орусиядагы мобилизация расмий 2022-жылдын 21-сентябрында, орус президенти Владимир Путин «жарым-жартылай мобилизация» жөнүндөгү жарлыкка кол койгондо башталган. Коргоо министри Сергей Шойгу былтыр 28-октябрда мобилизация аяктап, 300 миң киши топтоо тапшырмасы аткарылганы тууралуу отчётун берген, бирок Путин мобилизация аяктаганы тууралуу жарлык чыгара элек.

Орусиялыктардын агымынан улам Кыргызстанда биринчи кезекте турак жайдын ижарасы кымбаттап кеткен. Шаардын айланасындагы бир бөлмөлүү батирлер Москванын баасы менен бериле баштаган.

Башкы бетке иллюстративдик сүрөт коюлду / Unsplash / Michal Parzuchowski