Кыргызстан Түркияга 63 адамдан турган куткаруучулар тобун жөнөтмөй болду

Ушул тапта бир катар аймактары жер титирөөдөн жабыркаган Түркияга 63 кишиден турган кыргызстандык куткаруучулар тобу жөнөгөнү турат. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, министрлик президенттин тапшырмасы менен зилзаладан жабыркаган түркиялык боордошторго көмөк көрсөтүүчү топту даярдап жатат. Алдын ала маалыматка таянсак, 63 куткаруучу, эки кинолог барат, арасында психологдор жана дарыгерлер да болот.

«Түркияга барчу кызматкерлерибиз Оштон дагы келе жатат. Эгер үлгүрсө, алар бүгүн, 6-февралда жөнөп кетишет, болбосо калгандары эртең учат. Куткаруучулар атайын борт менен тамак-ашын, чатырын, болгон шаймандарын кошо ала барат», — деп билдирди мекеменин басма сөз катчысы.

Буга чейин Кыргызстандын ТИМи, алдын ала маалыматтар боюнча Түркиянын аймагындагы жер титирөөдөн жабыркагандардын арасында кыргызстандыктар жок экенин айткан.

Түркиянын түштүк-чыгышында жана Сирияда күчү 7,4 баллга жеткен жер титирөө жергиликтүү саат боюнча эртең мененки саат 04:17 чамасында башталган.

Түркиялык Anadolu басылмасы өлкө башчысы Режеп Тайип Эрдоганга таянып, зилзала бери дегенде 912 адамдын өмүрун алганын, 5 385 киши жарадар болгонун жазды. Каза болгондор тууралуу маалымат такталууда.

Ал эми Сириянын Sana агенттиги өлкөдө кеминде 371 адам каза болуп, миңден ашык киши жабыркаганын жазды.

Азыркы тапта урандынын алдында калгандарды издөө иштери уланууда.