Түркиядагы жер титирөө: Алдын ала маалымат боюнча жабыркаган кыргызстандыктар жок — ТИМ

Түркиядагы жер титирөөнүн кесепети. Сүрөт: Түркиянын «Анадолу» мамлекеттик маалыматтык агенттиги.

Тышкы иштер министрлиги алдын ала маалыматтарга таянып 6-февралда Түркияда болгон жер титирөөдө жабыркагандардын арасында кыргызстандыктар жок экенин «Клоопко» билдирди.

Күчү 7,4 баллга жеткен жер титирөө жергиликтүү саат боюнча эртең мененки саат 04:17 чамасында болгон. Жер титирөө Түркиянын түштүк-чыгышында, Сирия менен чектеш аймагындагы Газиантеп шаарынан 26 чакырым ары аралыкта болгон.

«Силкинүү жарым саат бою башка аймактарда — Адана, Анкара, Анталья, Газиантеп, Кайсери, Мерсин, Трабзон, Урфада сезилип турган», — деп билдирди ТИМ.

«Анадолу» түрк басылмасынын алдын ала маалыматы боюнча, жаратылыш кырсыгында 280 ашык адам көз жумуп, бериде 2 300 ашуун киши жабыркаган.

ТИМ Кыргызстандын Анталья жана Стамбулдагы башкы консулдугу укук коргоо органдары менен биргеликте жер титирөдөн курман болгон жана жабыркагандардын, анын ичинде Кыргызстандын жарандары тууралуу маалыматтар такталып жатканын билдирди. Ал жакта кырдаалга көз салуу жана Түркиядагы кыргызстандыктарга маалыматтык-укуктук жардам көрсөтүү үчүн ыкчам штаб дагы түзүлдү.

Түркиядагы жер титирөөдөн улам кандайдыр бир жардамга муктаж кыргыз жарандары төмөнкү номерлерге чалса болот:

  • Кыргызстандын Анкарадагы элчилиги: +90 545 6896800, +90 312 4913506, +90 312 4913507;
  • Кыргызстандын Антальядагы Башкы консулдугу: +90 546 5570471, +90 534 8388551;
  • Кыргызстандын Стамбулдагы Башкы консулдугу: +90 535 1077212, +90 212 2356767, +90 212 2353737.