Салык кызматы өткөн жылы 19,7 млрд сом өлчөмүндө жашырылган салык табылганын кабарлады

Иллюстративдик сүрөт: «Акчабар» порталы

Өткөн жылы салык органдары жашырылган салыкты аныктоо максатында ишкерлерге 16 миңден ашуун текшерүү жүргүзүп, жыйынтыгында мамлекеттик казынага кошумча 19,7 млрд сом түшкөн. Бул тууралуу 6-февралда ведомстводон маалымдашты.

Маалыматка караганда, салыктык текшерүүлөрдүн материалдары боюнча келип түшкөн сумма мурдагы актылар боюнча төлөмдөрдү кошкондо 22,8 млрд сомду түздү. Бул 2021-жылга салыштырмалуу 16,9 млрд сомго көп.

Аны менен катар, 2022-жылы салык органдары жалпы эсеби 4,1 млрд сомду түзгөн салыктык текшерүүлөрдүн 34 материалын укук коргоо органдарына жөнөтүп, тиешелүү чараларды көрүүнү тапшырган.

Ошондой эле, учурда ишкерлердин салыктарды жашыруусу боюнча укук коргоо органдарынан келип түшкөн маалыматтарга талдоо жүргүзүлүп жатканын кошумчалашты.

2023-жылдын 30-январынан тарта Кыргызстанда 2022-жылдын жыйынтыгы боюнча бирдиктүү салык декларациясын кабыл алуу кампаниясы башталган.

Ал эки этап менен өтөт. Анда юридикалык жактар, мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер декларацияны 1-апрелге чейин тапшырышы керек. Ал эми жеке ишкерлер жана жеке жактар Бирдиктүү салык декларациясын 1-майга чейин тапшырышы керек.

ТЕМА БОЮНЧА:

Жарандар салык декларациясын тапшыруу үчүн салык төлөөчүнүн жаңы кабинетин ачтырышы керек