Бир кадр менен: Бишкекте кинорежиссёр Геннадий Базаров менен коштошуу зыйнаты өтүүдө

Бишкектеги Опера жана балет театрында кыргыз Эл артисти Геннадий Базаровду акыркы сапарга узатуу зыйнаты өтүп жатат.

Маркум менен коштошууга жакындары, шаар тугундары, өнөр жолундагы кесиптештери катышууда. Аны менен катар мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов, маданият министри Алтынбек Максүтов, Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыров баштаган аткаминерлер келди. 

Министр Максүтов режиссёрдун кыргыз кино искусствосуна кошкон зор салымын баса белгилеп, жакындарына жана жалпы кыргыз элине көңүл айтты. 

Геннадий Базаров 6-февралда узакка созулган оорудан улам каза болгон. Ал май айында 81 жашка толмок. Кинорежиссёр, сценарист, кыргыз искусствосуна Эмгек сиңирген ишмер Геннадий Базаров бүгүн, 7-февралда «Ала-Арча» көрүстөнүндө жерге берилет. 

Геннадай Базаров

Геннадий Базаров Нарын облусунун Ат-Башы районундагы Ат-Башы айылында туулган. Москвадагы Бүткүл союздук мамлекеттик кинематография институтун аяктап, эмгек жолун «Кыргызфильм» киностудиясында баштаган.

Өткөн кылымдын алтымышынчы, жетимишинчи жылдары советтик кинематографияда «Кыргыз керемети» деп аталган кинофеномендин жаратуучуларынын бири.

Кыргыз ССРнин Эмгек сиңирген искусство ишмери, СССР кинематографиясынын отличниги. Режиссёр II жана III даражадагы «Манас» орденинин ээси. 2013-жылы Кыргызстандын кинематографиясына кошкон зор салымы үчүн «Ак Илбирс» Улуттук сыйлыгы тапшырылган. 

Жетимишинчи жылдары режиссёр кыргыз кино искусствосунун корифейлерин бир тасмага бириктирген атактуу «Көчө» фильмин тарткан. Фильмдин сценарийин Мурза Гапаров жазган, ал эми тасмада Муратбек Рыскулов, Советбек Жумадылов, Бакен Кыдыкеева, Алиман Жангорозова, Нуртай Борбиев тартылган.

Базаров алгачкылардан болуп автордук тасмаларды тарта баштаган Режиссёрдун «Буктурма», «Биринчи», «Көз кареги», «Айың», «Антракт», «Түндө», «Кара кыз», «Метамарфоза» сыяктуу тасмалары белгилүү.

2003-жылы режиссёрдун «Каракыз» тасмасы «Мосфильм» концернинин Ялтада өткөн Эл аралык кинофестивалында Гран-прини утуп алган.

Кыргыз ССРнин Эмгек сиңирген искусство ишмери, СССР кинематографиясынын отличниги. Режиссёр II жана III даражадагы «Манас» орденинин ээси. 2013-жылы Кыргызстандын кинематографиясына кошкон зор салымы үчүн «Ак Илбирс» Улуттук сыйлыгы тапшырылган. 

Сүрөт: Акипресс