Бишкек: Ракка кабылган пенсионерге катоосундагы көйгөйлөрдөн улам меджардам көрсөтүлбөй жатат

Бишкекте рактын төртүнчү даражасы менен ооруган улгайган аялга каттоосундагы көйгөйлөрдөн улам межардам көрсөтүлбөй жатат жатат. Бул тууралуу «Клоопко» оор абалда жаткан пенсионердин небереси Евгения Крапивина билдирди.

«Дагы канча күнү калды билбейм, бирок бул дүйнөдөн адамча өтүшү үчүн оорусун басаңдатуу керек болууда», — деп жашыды Евгения «Клооптун» кабарчыларына.

Крапивинанын айтымында, чоң энеси №5 поликлиникада катталган, бирок азыркы жашап жаткан району №14 поликлиникага караштуу. Биринчи поликлиника пенсионерди ал жерде жашабагандыктан, ал эми экинчиси — ал жерде каттоосу жок болгондуктан кабыл албай жатат.

«14-бейтапканага чоң энемдин болгон документин, паспортун, маалымкатты, анализдерин алып келсем мени узатып чыгарып коюшту. Бүгүн болсо ушул эле документтерди алып бешинчи [поликлиникага] келсем, ал жерден дагы ушундай эле болду. Врач бизге онкологиялык оорулуулардын программасы боюнча оорунун күчүн басаңдаткан дарыларды бериши керек. Дарыканада сатылган эң эле жеңил дарыны сайып жатам», — деди ал.

Крапивина Калкты тейлөө борборунан пенсионерди жаңы жашаган жери боюнча каттоого тургузуу керектигин айтышкан. Бирок, кыздын айтымында, чоң энеси кагаздарга кол койгудай абалда эмес.

«Чоң энеме өткөн жуманын дүйшөмбү күнү диагноз коюлган. Аны онкологиядан каттатып, көк карточка (адамда рак илдети бар экенин тастыктаган документ — ред.) алдык. Чоң энем төшөктө, эч нерсени түшүнбөй, эс учун билбеген абалда жатат. [...] Эмне кылабыз? Баары тң кол шилтеп жатышат. Үйгө нотариусту алып келген күндө деле чоң энем кол коюп да, жооп да бере албайт», — деп кейиди Крапивина.

ФОМС эмне дейт?

Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунан (ФОМС) оор ооруну басаңдатуучу дары-дармек алууда каттоо сөзсүз керектигин айтышты «Клоопко».

«Негизи чоң эненин бары бир каттоосу болушу керек. Онкологиялык оорулууларга оор наркотикалык дары-дармектер берилет. Морфий — бул өтө оор наркотик. Аны каттап туруп гана беришет. Эсеби бар. Ошондуктан ал бир жерде катталып, кайсы бир поликлиникага караштуу болушу керек», — деп айтышты фонддон.

ФОМСтон оор акыбалдагы пенсионерге бүгүн, 7-февралда жардам берилерин убада кылышты.