«Газпром Кыргызстан» газдын тарифин өзүн актабайт деп атады

Урматтуу окурмандар, жаңылык 8-февралда жаңыртылды. «“Газпром Кыргызстан” газга болгон тарифти көтөрүүгө чакырууда» деген заголовок өзгөртүлдү. Кечирим сурайбыз.

«Газпром Кыргызстан» газдын тарифин өзүн актабайт деп атады — ал өздүк наркын акташ үчүн бир куб метри эң аз дегенде 19,9 сом болушу керек. Компания тургундарды коңшу өлкөлөрдөгү арзан тарифке көңүл бурбоого чакырды — Кыргызстандын өзүнүн газы жок. Алар тарифтерди көтөрүү менен гана турак жайларды газдаштырууну тездетүүгө болорун айтышты.

Ишкананын жетекчисинин экономика жана каржы боюнча орун басары Арзымат Алдаяровдун айтымында, газдын учурдагы кубометри үчүн 18,7 сомдук тарифи «Газпром Кыргызстанга» киреше алып келмек тургай, өздүк наркын да актабайт.«Эгерде керектөө тарифи жаратылыш газын сатып алуу жана аны ар бир абоненттин от жагуучу жайына жеткирүү чыгымдарын толук жаап, анын 1 куб метри 19.9 сомдон болсо, анда газдаштыруу темпин бир топ тездете алабыз», — деген ал, депутаттарын газификация жай жүрүп жатат деген сындарына жооп берип жатып.

Ошол эле учурда компаниядан калктын азыркы социалдык-экономикалык абалын эске алганда тарифтерди бүгүн эле көтөрүү талабы жок экенин белгилешкен.

«Тарифтер бүгүнкү күндөгү деңгээлде калса дагы биз өлкөнү газга өткөрүү ишин токтотпойбуз», — деп билдирди Алдаяров.

«Газпром Кыргызстан» компаниясы сегиз жылдан бери компания чыгашалуу тарифти карманып келгенин, анын натыйжасында калк үчүн мындай субсидиялардын жалпы суммасы 5 миллиард сомдон ашканын баса белгилейт. Ошол эле учурда компания өлкө бийлигине келишимдеги норманы эскертти — ага ылайык газга болгон тарифтер компаниянын бардык чыгымдарын жаап, жылына 12% киреше алып келүүгө тийиш

«Компанияны көбүнчө кошуналар менен салыштырышат. Эмне үчүн Өзбекстанда, Казакстанда, Орусияда тарифтер арзан? Биз импорттоочу өлкө экенибизди түшүнүшүбүз керек. Өзбекстан, Казакстан жана Орусия газды экспорттошот. Алар жогорку экспорттук баалар аркылуу ички тарифти субсидиялашат», — деп түшүндүрөт Алдаяров.

Бүгүнкү күндө «Газпром Кыргызстандын» маалыматына ылайык, кыргыз бийлиги компанияга 700 млн сом карыз.

19-январда компания соода объектилерине жана аны өндүрүштүк максатта колдонгон ресторан, кафе, мончо сыяктуу ишканаларга газ берүүнү чектей турганы белгилүү болгон. «Газпромдон» мындай чечим калкты жана социалдык объектилерди газ менен толук камсыз кылуу максатында кабыл алынганын белгилешкен.

Орусиянын «Газпром» корпорациясы 2014-жылы Кыргызстанга газ жеткирүү үчүн жооптуу «Кыргызгаз» ишканасын символикалык 1 долларга сатып алган. «Кыргызгаздын» ордуна «Газпром Кыргызстан» ишканасы түзүлгөн. Компания калкты көгүлтүр отун менен үзгүлтүксүз камсыздоо, тарифтерди арзандатуу жана өлкөнүн газ инфраструктурасын модернизациялоо милдетин алган.

Орусиялык компания 5 жылдын ичинде өлкөнүн газ тармагын өнүктүрүүгө 20 млрд рубль инвестиция салып, «Кыргызгаздын» 4,1 млрд сомдук карызын төлөп берери айтылган.