УКМК Баткен облустук сотунун катчысын коррупцияга шектеп кармады

7-февралда Баткен облустук сотунун катчысы коррупцияга шектелип кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, ал 300 миң сом өлчөмүндө пара алып, аны кайтарып берип жаткан жеринен кармалган. Атайын кызмат катчы акчаны алып соттон оң чечим чыгарууга көмөк көрсөтүүнү убадалаган.

Учурда кылмыш иши козголуп, тергөө жүрүп жатат.

Буга чейин «Коррупцияга каршы элдик кыймыл» коомдук бирикмесинин башчысы пара опузалоого шектелип кармалган. Маалыматка ылайык, шектүү Кемин районуна караштуу Кичи-Кеминдеги айыл башчыдан финансылык текшерүүнү токотууну убадалап, ири өлчөмдө акча талап кылган.

Шектүү УКМКнын тергөө абагына киргизилип,териштирүү иштери башталган.

ТЕМА БОЮНЧА:

УКМК: «Коррупцияга каршы элдик кыймылдын» башчысы пара опузалоого шектелип кармалды

УКМК: Аксыда акушер-гинеколог пара алып жаткан жеринен кармалды