Видео: Кыргыз куткаруучулары Түркияда урандылардын алдынан адамдарды издеп жатышат

Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин куткаруучулары катуу зилзаладан жабыркаган Түркиянын Кахраманмараш шаарында ураган имараттардын алдынан адамдарды издөө жана куткаруу ишин аткарып жатышат.

Куткаруучулар бригадасынын тобу 67 кишиден жана эки иттен турат. Алардын арасында фельшерлер, психологдор жана кинологдор бар.

Кыргыз куткаруучулары Түркияга 7-февралда келген.6-февралда Түркиянын Сирия менен чек арасында күчү 7 баллдан ашкан катуу эки жер титирөө болгон. Жер титирөө Түркиянын түштүк-чыгышында, Сирия менен чектеш аймагындагы Газиантеп шаарынан 26 чакырым ары аралыкта болгон.

Түркиянын Anadolu басылмасынын маалыматына ылайык, жер титирөөдөн улам каза тапкандардын саны 8 574 адамга жетип, жабыркагандардын саны 49 миң адамдан ашты. 6 миңден ашык имарат кыйраган. Издөө-куткаруу иштерине 79 110 адам тартылган.

Ал эми Сирияда табият кырсыгы 2 миңден ашык адамдын өмүрүн алган.