Каржы пирамидасына окшош онлайн оюнга 30 миң сомго чейин алдаткандар болууда

Кыргызстандыктар каржы пирамидасына окшогон «Ягоды плюс» онлайн оюнуна 30 миң сомго чейин акча салып, кур калып жатышат. Бул тууралуу Маалыматтарды коргоо мамлекеттик агентигинин башчысы Нурия Кутнаева билдирди.

«Ягоды плюс» оюнунун скриншоту

Анын айтымында, 8-февралда агенттикке акчасын кайтарып ала албай калган ондогон кыргызстандыктан арыз түшкөн.

«Бул жерде дагы бир маселе, адамдар өз ыктыяры менен, өз алдынча санарип шылуундарга акча берип жатышат. Ошондой эле, мунун баары ойноо жолу менен болгондуктан, балдар да ата-энелеринин карталарын байлап ойной аларын эске алуу керек», — деп жазды ал.

Кутнаева санарип коопсуздуктун маанилүүлүгүн, айрыкча мындай бат жана жеңил жол менен акча табууну сунуштаган күмөндүү оюндардан этият болуу керектигин эске салды.

«Жакындарыңызга оюндарда этият болуу керектигин айтууга аракет кылыңыз, электрондук капчыктарды жана банк карталарды онлайн оюндарга байлабаңыздар, анткени ал эки тарапка тең иштеши мүмкүн — алар сизге бир аз акча ыргытып, сизде болгон сумманын баарын чыгарып алууга мүмкүндүк алышат», — деп белгиледи Кутнаева.

Оюндан акча тапса болору тууралуу TikTok’то төмөнкүдөй видеолор тарап жатат:

https://www.tiktok.com/@yagody_plus_23/video/7196867304972438786?is_from_webapp=1&sender_device=pc&web_id=7176919588167599618

«Алгачкы жемишимди эгип, алгачкы кирешемди алдым», — деп жазылган роликте.

Буга чейин мамлекеттик агенттиктин жарандарга алдап акча алып жеке маалыматтарын киргизүүнү талап кылган онлайн тиркемелерге катышпоону эскерткен каты жарыяланган:

  • телефонуңузга сизди тез жана жеңил утушка чакырган тиркемелерди жүктөбөгөнгө аракет кылыңыз.
  • онлайн оюндарга же коопсуз эмес тиркемелерге жеке малыматтарды, банк карталардын жана электрондук капчыктардын маалыматтарын бербеңиз.
  • жашы жете элек балдарга мындай оюндарды ойноодо каржылык жоготуу коркунучу жараларын айтып берүү зарыл.