Түркиядагы зилзала: Кыргызстандан барган куткаруучулар 19 кишинин сөөгүн табышты

9-февралда кыргыз куткаруучулары Түркияда болуп өткөн зилзаланын кесепетинен урандылардын астында калган 19 кишинин сөөгүн табышты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады.

Маалыматка ылайык, жергиликтүү убакыт боюнча саат 4:50, ал эми Кыргызстандын убактысы менен саат 7:50дө ураган имараттын алдынан 19 кишинин сөөгү чыгарылган.

Куткаруучу топтун башчысы Ырысбек Жолдошбаев, эки кишинин денеси кинологдорудун иттеринин жардамы менен табылганын айтты.

Куткаруучулар Түркиянын Кахраманмараш шаарындагы «Он эки шубат» районунун эки объектисинде куткаруу иштерин аткарышты. Издөө-куткаруу иштери түнү менен жүргүзүлдү.

Түркия жана Сириядагы зилзала

Түркиянын түштүк-чыгышында жана Сирияда күчү 7,4 баллга жеткен жер титирөө 6-февралда жергиликтүү саат боюнча эртең мененки 04:17 чамасында башталган.

Түркиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (AFAD) 9-февралга карата расмий маалыматына ылайык, зилзала 12 миң 873 адамдын өмүрүн алганын, 62 миң 937 киши жарадар болгонун маалымдады.

Ал эми Сирияда каза болгондордун саны 3162гө жеткени жана 5235 киши жабыр тартканы кабарланат. Каза болгондор тууралуу маалымат дагы да такталууда.

Кыргыз бийлиги Түркиядагы жер титирөөдөн жабыркагандарга жардам көрсөтүү үчүн бирдиктүү депозиттик эсеп ачкан.

Ал эми Түркиянын Кыргызстандагы элчилиги расмий билдирүү таратып, жер титирөөдөн жабыркаган аймактардын жашоочуларына көмөк көрсөтүүнү каалагандарга буюмдардын тизмесин түздү.

Буга чейин кырсыктан Түркиянын Адана шаарында жашаган бир кыргыз жараны жабыркаганы айтылган. Маалыматка караганда, 39 жаштагы кыргызстандыкка керектүү медициналык жардам көрсөтүлүп, ушул тапта абалы канааттандырарлык, ооруканадан чыгарылган.