Видео: Кыргызстандык куткаруучулар зилзаладан кийин жардам бергени Түркияга жетишти

Бир катар аймактары жер титирөөдөн жабыркаган Түркияга кыргызстандык куткаруучулар тобу барды. Бул тууралуу 7-февралда Селжан Асялы аттуу түрк ырчысы соцтармактарында видео аркылуу билдирди.

Видеодо ырчы Стамбул аэропортунун ичинде басып бара жаткан куткаруучуларга кайсыл өлкөдөн келгенин сураган. Алар Кыргызстандан келгендигин айтышкан.

«Кыргызстан, жандарыбыз, туугандарыбыз келиптир. Ыйлагым келип жатат», — деди Асялы.

Айымдын экинчи видеосунда ал кыргызстандык куткаруучулардын биринен «Кош келдиңиз, аты ким?» деп иттин атын сураган. Анда куткаруучу Гри экендигин айтканын угууга болот.

«Гри. Жаным менин, кош келдиң. Чоң ыракмат айтабыз сага. Бар бол. Дагы бир досу бар бул жакта. Булар бизге жардам беришет. Кыргызстандык команда Кахраманмарашка бара жатат», — деди түркиялык ырчы.

6-февралда Кыргызстандын ӨКМи зилзаладан жабыркаган Түркияга көмөк көрсөтүүчү топ даярдап жаткандыгын билдирген. Анда 63 куткаруучу, эки кинолог, психологдор жана дарыгерлер болору айтылган.

Азыркы тапта Түркиянын жер титирөө болгон аймагында 13 740 куткаруучу иштеп жаткандыгы кабарланды.

Түркия жана Сириядагы зилзала

Түркиянын түштүк-чыгышында жана Сирияда күчү 7,4 баллга жеткен жер титирөө 6-февралда жергиликтүү саат боюнча эртең мененки 04:17 чамасында башталган.

Түркиялык Anadolu басылмасы өлкөнүн вице-президенти Фуат Октайга таянып, зилзала 5 894 адамдын өмүрун алганын, 34 810 киши жарадар болгонун жазды.

Ал эми Сирияда каза болгондордун саны 1 600дөн ашканы кабарланат. Каза болгондор тууралуу маалымат дагы да такталууда.

Кыргыз бийлиги Түркиядагы жер титирөөдөн жабыркагандарга жардам көрсөтүү үчүн бирдиктүү депозиттик эсеп ачкан.

Ал эми Түркиянын Кыргызстандагы элчилиги расмий билдирүү таратып, жер титирөөдөн жабыркаган аймактардын жашоочуларына көмөк көрсөтүүнү каалагандарга буюмдардын тизмесин түздү.

Буга чейин кырсыктан Түркиянын Адана шаарында жашаган бир кыргыз жараны жабыркаганы айтылган. Маалыматка караганда, 39 жаштагы кыргызстандыкка керектүү медициналык жардам көрсөтүлүп, ушул тапта абалы канааттандырарлык, ооруканадан чыгарылган.

ТЕМА БОЮНЧА:

ТИМ Түркиядагы зилзалада бир кыргызстандык жабыркаганын айтты

Кыргызстан Түркияга 63 адамдан турган куткаруучулар тобун жөнөтмөй болду

Түркиядагы зилзала: Кыргыз бийлиги көмөк көрсөтүүнү каалагандарга атайын эсеп ачты