Түп: 16 жаштагы майыптыгы бар кызды зордуктаган киши 11 жылга эркинен ажыратылды

Түп райондук соту 16 жаштагы майыптыгы бар кызды зордуктаган кишини 11 жылга эркинен ажыратты. Бул тууралуу 10-февралда укук коргоочу Камил Рузиев твиттер барагына жазды.

Маалыматта айыпталуучу Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгында иштеген кызматкердин атасы экени белгиленген.

Рузиевдин айтымында, ДНК-анализдин жоктугунан жана шектүү милиция кызматкеринин атасы болгондуктан иш козгоо кыйынга турду.

Буга чейин Рузиев Түп райондук милициясынын кызматкерлери жабырлануучунун эжесине «кысым көрсөтүп жатканын» айткан. Бирок облустук милиция жактоочунун айткандарын четке каккан.

16 жаштагы кыздын зордукталышы

Ысык-Көл облусунун Түп районунда майыптыгы бар 16 жаштагы кыздын зордукталганы өткөн жылдын апрель айында белгилүү болгон.

16 жаштагы кош бойлуу болуп калган кыз тууралуу маалымат райондук ИИБге 1-апрелде келип түшкөн. Аталган факт «Каалабаган кош бойлуулукка алып келген зордуктоо» беренеси менен катталып, кылмыш иши козголгон. Ысык-Көл ОИИБдин башчысы бул ишти жеке көзөмөлүнө алган.

5-апрелде дарыгерлер кызга шашылыш түрдө кесарево жолу менен операция жасашып, бирок баланы сактап калууга мүмкүн болгон эмес.

ТЕМА БОЮНЧА:

Майыптыгы бар кыздын зордукталышы: Жабырлануучунун эжесине басым жасалганы айтылды

Ысык-Көлдө зордукталган 16 жаштагы майыптыгы бар кызга кесарево операциясы жасалды