Видео: Садыр Жапаров Будапештке бизнес-жет жалдабай эле ТУ-154 №1 учагы менен келди

Президент Садыр Жапаров 13-февралда Будапештке (Венгрия) расмий сапары менен келди. Бул ирет өлкө башчысы жеке бизнес-жет жалдабай эле ТУ-154 №1 учагы менен кетти.

Президенттик администрация Жапаров эмне үчүн бул ирет жеке учак жалдабай №1 бортту колдонгонун айта элек. Буга чейин Жапаровдун администрациясы президент №1 борттун коопсуз иштөө мөөнөтү аяктагандыктан жеке учак менен учууга аргасыз экенин айтышкан.

Алар кээ бир өлкөлөр өз аэропортторунда №1 бортту кабыл алуудан баш тартып жатышканын дагы айтышкан болчу.

Ошондуктан Садыр Жапаров менен минкабдын башчысы Акылбек Жапаров чет өлкөлүк сапарларына дайыма бизнес-жеттер менен чыгып жүрүшөт. Акыркы жолу президент жеке учак менен Катарга барып, футбол боюнча дүйнө чемпионатынын финалына күбө болуп келген.

Журналисттердин эсеби боюнча, мындай учууларга өлкө бюджетинен оң миңдеген доллар кетиши мүмкүн. Анткен менен бийлик бизнес-жеттерди бекер колдонуп, майына гана акча кетирип жатканын айтып келет.

Мындан тышкары, президенттик администрация жеке учактардын бирин лизингге сатып алууга камданып жатат — ал Bombardier Challenger же Embraer Legacy болушу мүмкүн.

№1 борт — ТУ-154 учагы 1993-жылы чыгарылган. Аны Кыргызстанга 2006-жылы Орусиянын президенти Владимир Путин белек кылган. Андан бери бул учакта Садыр Жапаровго чейинки президенттер учуп жүрүшкөн, ал эми Садыр Жапаров чет өлкөлүк сапарларына жеке учактардын кызматын колдоно баштаган.