Атамбаев Жээнбековдун артынан куубасын, «аны Кудай өзү жазаларын» билдирди

14-февралда абактан чыккан мурдагы президент Алмазбек Атамбаев экс-президент Сооронбай Жээнбековдун артынан куубасын билдирди. Атамбаев мураскерине азыр кандай мамиледе экени тууралуу суроого ушинтип жооп берди.


«Мен анын артынан куубайм. Кудай өзү аны жазалайт. Эбак эле жазалап баштаган», — деди мурдагы президент.


Атамбаев менен Жээнбеков 2017-жылы өткөн президенттик шайлоого чейин жакын үзөңгүлөштөрдөн болушкан. Бирок Жээнбеков тактыга келгенден кийин экөөнүн ортосунда чыр-чатактар башталган.

Анда Атамбаев Жээнбековдун дарегине бир нече жолу кескин сындарды айткан. Атамбаев Жээнбековго президенттик кызматка жетүүгө дагы жардам бергенин билдирген.

Ортодо жалындаган чырдын шартында алгач Атамбаевдин үзөңгүлөштөрүнө, андан соң мурдагы президенттин өзүнө дагы бир катар кылмыш иштери козголуп, андан экс-президенттик макамы алынган.

Атамбаев өзү 2019-жылы Жээнбековду бийлике алып келгени үчүн кечирим да сураган.

Бирок Жээнбеков президенттик кызматта мөөнөтүнүн аягына чейин отурган жок. 2020-жылдын октябрындагы окуядан кийин отставкага кетип, бийликке ошол күндөрү тарапташтарынын жардамы менен колониядан бошотулган Садыр Жапаров келген.

Коопсуздук кеңешинин мурдагы катчысы Өмүрбек Суваналиев журналисттерге курган маектеринин биринде 2020-жылдын октябрь окуяларын эскерип жатып, Сооронбай Жээнбеков президенттикти тапшырып жатканда «Атамбаевдин кишилери [бийликке] келбеши керек, Кой-Таш окуясын аягына чыгарасыңар, тигини-муну камайсыңар» деген бир нече шарт койгонун белгилеген.