Суваналиев: Жээнбеков Атамбаевди айыптоо шарты менен бийликти өткөрүп берген

Коопсуздук кеңешинин мурдагы катчысы Өмүрбек Суваналиев «Азаттыктын» эфиринде 2020-жылдын октябрь окуяларын эскерип жатып, Сооронбай Жээнбеков президенттикти тапшырганда бир нече шарт койгонун белгиледи.

Анын айтымында, 6-октябрда өлкө бийлиги жок калган. Ал эми президент «бир жакка жашынып калган». Ал эми 8-октябрдан тартып Сооронбай Жээнбеков элге чыгып «саясий топтор менен соодалаша» баштаган. Менимче, бийликти берем, Атамбаевдин кишилери келбеши керек, Кой-Таш окуясын аягына чыгарасыңар, тигини-муну камайсыңар деген шарттарды койду. 10-октябрдан тартып баарын камай башташты. Бул чоң оюн болду», — деди Суваналиев.

Суваналиев интервьюда Кыргызстанда толкундоолор болуп жатканда өлкөгө Орусиянын президентинин аппарат башчысы Дмитрий Козактын келишин дагы айтып өттү. Анын айтымында, Козак Жээнбековго үч ай президенттиктен кетпей, парламенттик жана президенттик шайлоо өткөрөсүң деген шарт койгон.

«Ал күндөрү жалгыз легитимдүү бийлик өкүлү мен болуп калдым. Экстремисттер бийликке келбесин деп чочулаган коңшу мамлекеттер мага чалып жатышты. Ал эми саясий маселелерди жөнгө салуу үчүн Козак делегациясы менен келип, сүйлөшүп кетти. Бирок Козак кеткенче эле Жээнбеков кызматын тапшырып, Козакты дагы, Орусияны дагы, баарын алдап койду», — деди ал.

Ал ушул күнгө чейин эмне себептен Сооронбай Жээнбековго, Орозбек Опумбаевге, Кашкар Жунушалиевге жана башкы прокурорго эч ким «тийбейт» деген суроо салды.

«Булар армиясын таштай качкан дезертир да. Буларга кылмыш иши козголушу керек», — деп кошумчалады ал.

Октябрь окуялары

2020-жылдын 5-октябрында Бишкекте парламенттик шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгаруу талабы менен митинг башталып, ал митингчилер менен күч түзүм кызматкерлеринин ортосундагы кагылышка алып барган.

6-октябрга караган түнү Ак үй басып алынып, бир катар саясатчылар, анын ичинде Алмазбек Атамбаев менен Садыр Жапаров колониядан бошотулган.

Садыр Жапаровдун тарапташтары абактан бошотулган саясатчыны премьерлик кызматка дайындоону талап кылышкан, ал эми депутаттар саясатчынын үзөңгүлөштөрүнүн коркутууларына арызданышкан. Ошентип Садыр Жапаров өкмөт башчылыкка дайындалган.

Андан кийин Жапаровдун тарапташтары президент Сооронбай Жээнбековдун отставкасын талап кылууга өтүп, өлкө башчысы жаңы келген премьер-министр менен жолугушкан соң отставкага кетүүнү чечкен. Көп өтпөй эле Жапаровдун тарапташтары саясатчыдан президенттик милдетти дагы аткара баштоосун талап кылышкан.

Парламент спикери коркутуулардан улам президенттин милдетин аткаруудан баш тарткан соң бул кызмат Садыр Жапаровго өткөн. 2021-жылдын январында өткөн шайлоодо Жапаров расмий президент болуп шайланган.

Тема боюнча окуңуз: Темирлан Султанбеков октябрь окуясы боюнча президентти жана Ташиевди суракка алууну суранды