«Жылаңач сүрөттөрүңдү жаябыз». Сузакта таксистти шантаж кылган шектүүлөр кармалды

Жалал-Абад облусунда милиция таксистти анын интимдик сүрөттөрү менен шантаж кылып акча опузалап жүргөн төрт шектүүнү кармады. Алардын арасында Сузактын жергиликтүү кеңешинин депутаты да бар. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Алардын маалыматына ылайык, милицияга 31 жаштагы жергиликтүү тургун кайрылып, аны «жылаңач сүрөттөрүн интернетке таратабыз» деп коркутуп жатышканын айтып даттанган. Ал милицияга жазган арызында 2022-жылдын декабрында соцтүндөр аркылуу бир аял менен таанышып, ага интимдик сүрөттөрүн жиберип жүргөн. Андан кийин эле, жабырлануучунун айтымында, берки аял шериктери менен андан акча опузалап башташкан.

Сүрөт: Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматы. 

«[Шектүүлөр] кийим-кечек, үй тиричилик буюмдарын алдырып, карыздарын төлөтүп, жалпы суммасы 187 миң акчасын коркутуп алышкан», — деп билдиришти милициядан.

Укук коргоо органдары «Опузалап талап кылуу» беренеси менен кылмыш ишин козгошту. Бул иш боюнча төрт шектүү кармалып, алардан 15 миң сом акча жана WhatsApp аркылуу жазылган видео, аудио жана текст жазуулары алынган.