Бишкек: 8-кабаттан түшө албай калган «Клооптун» каарманына лифтин оңдоп беришти

Бишкек шаарында үйүндө бир айдан бери лифт иштебегендиктен 8-кабаттан түшө албай калган пенсионер Жолдошбек Токоев эсиңиздеби? Ал 14-февралда адистер келип лифтти оңдоп беришкенин айтып, анын маселесин чагылдырып берген «Клооптун» журналисттерине ыраазычылык билдирди.

«Февраль айынын башында Бишкек мэриясына, “Бишкеклифтке” чалсам алар:“график боюнча сиз жашаган үйдүн лифтин алмаштыруу 28-февралда аяктайт” дешет. Таң калдым, эмне алар “март айынын ортосунда аяктайт” деп график түзүп алышса ошого макул болуш керекпи? Баса, жумушчулар 10 күндөн ашык жок болуп кетишти. Анан бул тууралуу “Клооптун” журналисттерине айтсам, мага келип маек курушуп, видео-фото сюжет тартып, Бишкек мэриясы, “Бишкеклифт” менен байланышып маселени көтөрүп чыгышты эле. Адистер дароо келип кыймылдашып, лифтти [оңдоону] мөөнөтүнөн мурда бүтүрүшүп, бүгүн кечинде иштетишти», — деп жазды ал.

Жолдошбек Токоев — бишкектик пенсионер, 73 жашта. Ал буга чейин «Клоопко» кайрылып, үйүндө лифт иштебей жаткандыктан көчөгө чыга албай калганын айтып берген.

Анын айтымында, лифт 37 жыл мурда орнотулган, аны пландык оңдоодон өткөрүп жатышкан. Пенсионер бир жыл мурда коронавирус менен ооруп, андан бери дайыма медкароодон өтүп турууга муктаж болуп калган. Ал эми өз алдынча 8-кабаттан жөө түшүп-чыга албайт.

Шаар тургуну анализдерди үйдөн тапшырганга аргасыз болуп жатканын, бирок андай кызматты жеке менчик лабораториялар гана көрсөткөндүктөн анализ тапшыруу кымбатка түшкөнүн айтып берген.

«Клооп» буга чейин да социалдык көйгөйлөрдү чагылдырып келген. Биздин негизги милдеттерибиздин бири — ар кандай себептер менен маселесин айта албаган элдин үнүн жеткирүү.

Бизди сайтыбыздан сырткары Facebook, Instagram, Twitter, TikTok, Youtube жана Telegram’дан окуп турсаңыз болот. Ошондой эле редакцияга +996 312 680738, +996 312 680740 номерлери аркылуу байланыша аласыз.