Байсалов: Жапаров келгени Кыргызстан калыптана элек мамлекет репутациясынан арыла баштады

Минкабдын төрагасынын орун басары Эдил Байсалов «Садыр Жапаров башкара баштагандан бери Кыргызстан калыптана элек мамлекет репутациясынан арыла баштады» деп билдирди. Бул тууралуу ал «Emerging Europe» басылмасына курган маегинде айтты.

«Садыр Жапаров башкара баштагандан бери Кыргызстан калыптана элек мамлекет репутациясынан арыла баштады. Азыркы жетекчилик башкарууда тартип орнотуп, күч-аракетти бириктирип жатат. Акыркы эки жылда көп нерсеге жетиштик, алдыда дагы көп нерселер бар», — деди Байсалов.

Кыргыз-өзбек чек арасы жөнүндө

27-январда Бишкекте президент Садыр Жапаров менен Өзбекстандын башчысы Шавкат Мирзиёев чек араны демаркациялоо жөнүндө макулдашууга кол коюу үчүн жолугушушкан, ал боюнча Кемпир-Абад суу сактагычы коңшу өлкөгө өткөн. Октябрда бир катар саясатчылар менен активисттер суу сактагычтын коңшу өлкөгө өтүшүнө каршы чыгып, андан соң кармалып, ТИЗОго киргизилген.

«Коомдук тартипти камсыздап жатканыбыз үчүн кечирим сурабайбыз. Демократия мына ушундай: чек аралар массалык митингдердерде талкууланбайт жана макулдашылбайт. Бул өз ара эпке келүү маселеси. Бул компромисс. Бул дайыма абдан кылдат [каралчу маселе], бирок эң башкысы биз аны кылышыбыз керек болчу экени маанилүү. Биз ошондой кылышыбыз керек болчу! Короосу кандайдыр бир тарып калгандар четтен чыга берет, бирок улуттук кызыкчылыктар жергиликтүү кызыкчылыктардан жогору турат», — деп билдирди Байсалов.

Сөз эркиндиги жөнүндө

10-февралда Садыр Жапаров «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун президенти Жейми Флай менен жолугушкан. Бул жолугушуу да, Байсаловдун айтымында, диалог уланып жатканын көрсөтүп турат.

«Биз сөз эркиндиги менен жарандык коомдун катышуусун барктайбыз, биз адам укуктары толук түрдө сакталышын камсыздоого умтулабыз», — деди Байсалов.

Ал өкмөттүн дарегине айтылган эл аралык сындарды дагы четке кагып, «Кыргызстандагы сөз эркиндигинин чеги жөнүндө болуп жаткан азыркы талаш-тартыштар британ коомчулугундагы же АКШдагы соцтүйүндөрдө тараган жалган жаңылыктар жөнүндө дискуссиялардан эч айырмасы жок. Эгер демократиянын ушул кылымдар бою келаткан институттарына жоопкерчилиги жок репортаждар менен жалган жаңылыктар кандайдыр бир коркунуч жаратып жатса, анда биздин алардан эч айырмабыз жок» деп билдирди.

Муну менен катар минкабдын төрагасынын орун басары бийлик «салмактуу чечимдерди кабыл алуу менен чоң ийгиликтерге ишенимдүү кадам шилтеп жатат» деп айтты.

«Биз чоң ийгилик жараттык дегеним жок, бирок биз ага салмактуу чечимдерди кабыл алып, ишенимдүү кадам шилтеп баратабыз. Биз ийгиликке карай жол убакытты талап кыларын түшүнөбүз. Бизге биздин компаниялар листингге кошулушу үчүн бери дегенде эле бир жыл керектелет. Бирок биз эл аралык инвесторлор менен сүйлөшүүлөрдү жана дүйнөлүк экономикага интеграциябызды улантып жатабыз», — деп билдирди чиновник.