Манасчы Дөөлөт Сыдыков менен ишкер Эмил Жайчиевге кылмыш иши козголгону кабарланды

Дөөлөт Сыдыков жана Эмил Жайчиев

Өлкөдөн чыгып кеткен манасчы Дөөлөт Сыдыковго жана Москвадагы ишкер Эмил Жайчиевге «Бийликти күч менен басып алууга ачык чакырыктар» беренеси менен кылмыш или козголгону кабарланды. Бул тууралуу маалымат абактагы активист Илгиз Шаменовдун фейсбук барагына жарыяланды.

Шаменовдун айтымында, аларга иш козгоого Орозайым Нарматова, Тилекмат Күрөңовдор менен бирге Кемпир-Абад боюнча кармалгандарды коё берүү талабы менен Москвада жасаган видео кайрылуусу негиз болгон.

«Эми издөө жарыялаганы жатышкандарын, тергөөнүн жетекчиси Жапеков айтты, мен өзүм дагы тааныштым, иш токуп даярдап коюшуптур. Кыскасы тергөөчүнүн ою боюнча, биз бешөөбүз Москвада жатып алып, бийликти басып алмак экенбиз», — деп түшүндүрдү ал.

Шаменов кайрылууда бийликти күч менен басып алууга эч кандай чакырык айтылбаганын белгилеп, манасчыга иш козголгонуна нааразы болду.

«Эми эмне дейбиз жарайсынар азаматтар, камала элек манасчы эле калды эле, эми аны дагы алып келип камагыла. Ошондо камабаган адамыңар калбай, баары комплект болот экен», — деди ал.

Видеодон скриншот. Сүрөт: Илгиз Шаменов

Ошондой эле Шаменов мурдагы депутат Орозайым Нарматова экөөнү күч органдары ошол эле кайрылуунун негизинде Москвадан кармап келишкенин кошумчалады.

Ал эми Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан Сыдыков менен Жайчевге иш козголгону тууралуу кабарлары жок экенин билдиришти. Бирок маалыматты тактап берүүнү убадалашты.

Илиз Шаменов менен Орозайым Нарматова өткөн жылдын 28-октябрдында кармалган. Азыркы тапта Нарматова үй камагында.

Манасчынын өлкөдөн чыгып кетиши

Өткөн жылы «Манас айылы» этно-маданий комплексинин айланасында чыр чыккан. Анда Дөөлөт Сыдыков бийлик комплекстин ордуна президенттик администрациянын жаңы имараты үчүн парк курарын айтып, алардын аракетин сынга алган.

Андан көп өтпөй эле манасчы президент Садыр Жапаров ага маданият министринен «салам дубай» айттырганын билдирген.

5-майда Сыдыков үй-бүлөсү менен өлкөдөн чыгып кеткен. Манасчы өзү басым-кысымдан улам «айла жоктон» өлкөдөн чыгып кеткенин билдирип, бирок кенен маалымат берген эмес.

Кийинчерээк Сыдыков Москва шаарында экени белгилүү болгон. Бирок ал Кыргызстанга качан кайтарын билбей турганын белгилеген.

Ал эми президент Садыр Жапаров этнокомплекске барып, ал жердин аянты кеңейтилип, музей жана үч кабат боз үй куруларын айткан. Бирок Сыдыков бийликтин айткандары «калп» экенин, этнокомплекстин аянты эбак кичирип кеткенин билдирген.

ТЕМА БОЮНЧА:

«Пиарчы экен». Жапаров бийлик Дөөлөт Сыдыковду куугунтуктаган жок деп билдирди