Түркияга жардам үчүн атайын эсепке 44,7 млн сом түштү, анын үчтөн биринен көбүн муфтият чогултту

Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы Түркиядагы жер титирөөдөн жабыркагандарга жардам берүү үчүн 16,4 млн сом топтоду. Бул тууралуу муфтияттын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматта топтолгон каражат бирдиктүү депозиттик эсепке которулганы белгиленет. Аталган эсепке жалпы, каржы министрлигинин маалыматына ылайык, 17-февралдын эртең мененки саат 10:00го карата 44,7 млн сом жана дагы 14 400 рубль келип түшкөн.

Муфтияттан бирдиктүү депозиттик эсепке акча чогултулуп жатканы тууралуу маалымат жеткирүү иштери жүрүп жатканын, аны менен бирге жардам көрсөтүү, кайрымдуулук кылуу жөнүндө баяндар айтылып жатканын билдиришти. Мындан сырткары, өлкөдөгү ар бир мечитте кышкы кийим-кече, көрпө-төшөнчү, жууркан сыяктуу жардамдар кабыл алынууда.

Муфтияттан бир тууган түрк элине моралдык колдоо катары мечит-медреселерде 46 260 миң жолу куран окулуп, 4 444 жолу дуба кылынганын дагы белгилешти.

16-февралда дин башкармалыгынын директору Тойгонбай Абдыкаров, муфтийдин орун басары Самидин кары Атабаев жана Бишкек шаарынын казысы Шакир ажы Маматов Түркиянын Кыргызстандагы элчилигине барып, зилзалада курман болгондорго багыштап куран окушту.

Каражат чогултуу менен гуманитардык жардамдан тышкары Кыргызстан Түркияга ӨКМдин 150 куткаруучусун жөнөткөн, алар урандылардан каза тапкандарды сөөктөрүн жана аман калгандарды таап чыгарууга жардам берип жатышат.

6-февралда Түркиянын Сирия менен чек арасында күчү 7 баллдан ашкан катуу эки жер титирөө болгон. Жер титирөө Түркиянын түштүк-чыгышында, Сирия менен чектеш аймагындагы Газиантеп шаарынан 26 чакырым аралыктагы жерде болгон.

Түрк бийлигинин акыркы маалыматына ылайык, курмандыктардын саны 36 187 кишиге жетип, жабыркагандардын саны 108 миңден ашты. Сирияга да жеткен зилзалада бийликтин жана БУУнун эсеби боюнча, 5,8 миңден ашуун киши набыт болгон.