Ош облусунун Чоң-Алай районунда жааган жаандын кесепетинен 10 турак үйдү жана 15 мал сарайды суу каптады. Бул тууралуу 18-февралда Өзгөчө кырдаалдар министрлиги маалымдады.
Маалыматка караганда, 17-февраль саат 10:00 чамасында Чоң-Алай районундагы Чак айылынын Куу-Талаа тилкесинде суу ташкыны жүргөн. Жабыркаган эки үйдүн жашоочулары жакындарынын үйүнө көчүрүлгөн.
![](https://ky.kloop.asia/wp-content/uploads/sites/6/2023/02/331377110_749781713096513_5658752604544982224_n.jpg)
![](https://ky.kloop.asia/wp-content/uploads/sites/6/2023/02/331449717_3326561337609069_513639702799887585_n.jpg)
«Тазалоо иш-чараларына Чоң-Алай айыл өкмөтүнөн 1 жүктөгүч тартылып, катталган кырсыктын кесепети бүгүн саат 13:40та жоюлду», — деп айтылат билдирүүдө.
Министрликтен кырсыктын кесепетин жоюуда Чоң-Алай райондук бөлүмүнөн 13 куткаруучу, 15 жергиликтүү тургун жана Жарандык коргонуу кызматтарынан 50 жаран иш алып барганын айтышты. Учурда тазалоо иштери жүрүп жатат.
Буга чейин, 17-февралда, Талас облусунун Бакай-Ата районундагы Боо-Терек айылында күндүн жылыганына байланыштуу арыктардан суу ташып, 17 турак үйдүн короосун каптаган. Аны менен катар, Ынтымак айылында 3 үй жабыркаган.
Учурда Боо-Терек айылына өзгөчө кырдаал режими киргизилип, тазалоо иштери жүргүзүлүп жатат.