Депутат Дастан Бекешев аскерге милдеттүүлөр үчүн коомдук жумуштарды алып салууну сунуштоодо

Дастан Бекешев

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев альтернативдик аскердик кызматка чакырылгандарга коомдук жумуштарды алып салууну сунуштады. Мыйзам долбоору 17-февралда Жогорку Кеңештин расмий сайтына жарыяланды.

Анын айтымында, альтернативдик кызматтагы 108 саат коомдук жумуштардын нормасы аткарылбай жатат. Анткени жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын бул процесстерди көзөмөлдөөгө тиешелүү жооптуу кызматкерлери жок.

«Ошондуктан бул функция коррупциянын жана альтернативдик кызматтагы кызматчылардын үй-бүлөлөрүнүн кошумча, мыйзамсыз чыгымдарынын булагы болуп калды. Иш жүзүндө эч кандай коомдук пайдалуу иш жүргүзүлбөй жаткандыктан, бул ченемди жокко чыгаруу максатка ылайык», — деп айтылат мыйзам долбоордун маалымкат-негиздемесинде.

Мындан улам депутат, альтернативдик кызмат үчүн 18 жана 25 миң сом өлчөмүндө мамлекетке киреше алып келген норманы гана мыйзамда калтырууну сунуштоодо.

Ошондой эле Бекешев аскер комиссариаттарын оптималдаштыруу максатында алгачкы аскердик каттоонун тартибин мыйзамдан алып салуу керек деген ойдо.

Учурдагы мыйзамга ылайык, 16 жаштагы өспүрүмдөр алгачкы аскердик каттоого алынат. Бекешев бул баштапкы эсеп «аскердик комиссариаттарга ашыкча жүк жана формалдуу түрдө гана жүргүзүлөт» деп эсептейт.

«Ашыкча жана натыйжасыз иш-чараларды алып салуу аскер комиссариаттарынын ишин оптималдаштырууга мүмкүндүк берип, негизги көңүлдү мобилизациялык даярдыкка жана Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүнүн коргоо потенциалын арттырууга бурат», — деп жазат парламентарий.

ТЕМА БОЮНЧА:

Кыргызстан аскердик кубаттуулугу жагынан дүйнөдө 107-орунду ээледи