Кыргызстандык суучул Денис Петрашов АКШдагы эл аралык мелдеште алтын медаль утуп, жаңы рекорд жаратты

Денис Петрашов. Сүрөт: Кыргызстандын сууда сүзүү федерациясы

Кыргызстандык сууда сүзүүчү Денис Петрашов АКШдагы Атланта турниринде 200 ярд аралыкка брасс стилинде сүзүүдө биринчи орунду камсыздап, жаңы рекорд койду. Бул тууралуу 19-январда Кыргызстандын сууда сүзүү федерациясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, спортчу 200 ярд аралыкты 01:50:51 убактысында сүзүп өтүп, өзүнүн категориясында ылдамдык боюнча жаңы рекорд жараткан.

«Куттуктайбыз, бул Денисти Америка континентинин гана эмес, бүткүл планетанын элиталык сүзүүчүлөрүнүн бири кылган кайталангыс жетишкендик!», — деп айтылат билдирүүдө.

Буга чейин Петрашов ошол эле мелдештин башка категориясында 2-орунду камсыздаган.

Федерациянын маалыматына караганда, ACC League мелдеши АКШнын Чыгыш Жээгиндеги эң күчтүү университеттик командаларды бириктирет жана Түндүк Америкадагы эң күчтүү үч мелдештин бири болуп саналат.

Ал эми Петрашовго өз командасынын курамында турнирге катышууну Луисвилл университети сунуштаган.

Денис Петрашов

Петрашов — сууда сүзүү боюнча Азиянын 2017-2019-жылдардагы чемпиону. 2020-жылы январда Женевада өткөн CIG Challenge турниринде күмүш медалга ээ болгон.

Ал сууда сүзүү боюнча Токио Олимпиадасына лицензия алган алгачкы кыргыз спортчусу. Бирок жарым финалга чыга алган эмес. Ал буга чейин 2016-жылдагы Рио-де-Жанейро шаарында өткөн Олимпиада оюндарына катышкан.

Өткөн жылдын февралында спортчу Атланта шаарында өткөн АКШнын Атланта жээги Конференциясындагы мелдеште 200 ярд аралыкка сүзүү боюнча экинчи орунду жеңип алган. Анда Петрашов АКШнын күчтүү делген университеттик командаларынын көрүнүктүү атаандаштары менен күч сынашып 1:51.89— убактысын көрсөткөн.

Израилде өткөн «Маккабиада-2022» эл аралык мелдешинде Петрашов 100 жана 200 метрди брасс стилинде сүзүп өтүү боюнча эки алтын медалга ээ болгон.

Мындан тышкары Ислам шериктештиги оюндарында да алтын медаль тагынган.

ТЕМА БОЮНЧА:

Ислам шериктештиги оюндары: Денис Петрашов алтын медаль тагынды