Лейлек: Бишкекте өлтүрүлгөн аял жана эки баласынын сөөгү туулган айылында жерге берилди

Бишкекте өлтүрүлгөн эне жана анын балдарынын сөөгү Баткен облусунун Лейлек районундагы Чимген айылында жерге берилди. Бул тууралуу 19-февралда Turmush басылмасы билдирди.

Маалыматка караганда, 50 жаштагы маркум аялдын жана балдарын акыркы сапарга узатуу зыйнаты кечээ, 18-февралда саат 16:00дө, туулган айылында болуп өткөн.

Андан сырткары, маркум аялдын атасы жана агалары Ички иштер органдарында иштеп, эки агасы пенсияга чыкканы маалымдалды. Ал эми бири учурда Баткен облусунда ички иштер органдарында жетекчилик кызматты аркалайт.

Буга чейин, 16-февраль күнү саат 4:30 чамасында, милицияга Бишкектеги 5-кичи райондогу көп кабаттуу үйлөрдүн биринде 3 адам — аял жана анын 18 жаштагы кызы, 7 жаштагы баласы — каза болгону тууралуу билдирүү түшкөн. Алардын денесинде ар кандай жаракаттар болгон.

Бул факты боюнча «Адам өлтүрүү» беренеси менен кылмыш иши козголуп, шектүү катары Баткен облусунун 37 жаштагы тургуну кармалган. Ал Свердлов райондук сотунун чечими менен 16-апрелге чейин ТИЗО-1де камакка алынган.

УКМКнын басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, шектүү 15 жыл Мамлекеттик күзөт кызматында иштеп, эмгек стажына байланыштуу пенсияга чыккан.

Ошондой эле шектүү Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер, мушташуу боюнча спорт чебери жана дүйнө чемпионатынын күмүш медалынын ээси, ошондой эле физкультура жана спорттун отличниги экени айтылган.

ТЕМА БОЮНЧА:

Бишкек: Аялды жана эки баланы өлтүрүүгө шектелип 37 жаштагы киши кармалды

Бишкек: Үч адамды өлтүрүүгө шектелген киши ТИЗО-1ге эки айга камакка алынды