Бир кадр менен: Кыргыз куткаруучулары Түркияда ишин аяктады

Түркиядагы жер титирөөдөн кийин эки жумага жакын адамдарды куткарган кыргыз куткаруучулары өз ишин аяктап, Кыргызстанга кайтууда. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.

Сүрөт: Кыргызстандын ӨКМи

Министрликтин маалыматына ылайык, куткаруучулар мекенине 21-февралда келип калат.

«Кырсык катталган аймакта 24 саат иштеп, түрк элинин кайгысын тең бөлүшүп, аларга жардам берген куткаруучуларыбызды тосуп алуу иш-чарасы уюштурулат», — деп билдиришти ӨКМден.

Куткаруучулар эки апта аралыгында уранды алдынан аман калган 8 кишини, ошондой эле 100дөн ашык адамдын сөөгүн алып чыгышкан.

6-февралда Түркиянын Сирия менен чек арасында күчү 7 баллдан ашкан катуу эки жер титирөө болгон. Жер титирөө Түркиянын түштүк-чыгышында, Сирия менен чектеш аймагындагы Газиантеп шаарынан 26 чакырым аралыктагы жерде болгон.

Табият кырсыгынан каза болгондордун саны эки өлкөдө тең 46 миң адамдан ашып, жүздөгөн адам жабыркады.