Ноокат: Медреседе 12 жаштагы баланы катуу сабагандарга карата кылмыш иши кыскартылды

Иллюстративдик сүрөт

Ош облусунун Ноокат районундагы медреседе 12 жаштагы баланы катуу сабаган үч балага карата  кылмыш иши жашы жете электигине байланыштуу кыскартылды. Бул тууралуу 20-февралда «Клоопко» Ош облустук ички иштер башкармалыгы билдирди.

Маалыматка ылайык, 2022-жылдын 9-декабрь күнү милицияга Көк-Жар айыл аймагынын 12 жаштагы тургуну денесинен жаракат алып, жандандыруу бөлүмүнө түшкөнү кабарланган.

Окуя Ноокат райондук ички иштер башкармалыгынын электрондук журналына катталып, «Ден соолукка оор залал келтирүү» беренесинин негизинде кылмыш иши козголгон. Ошондой эле экспертизанын корутундусу баланын денесинен оор жаракат алганын көрсөткөн.

Тергөөнүн жүрүшүндө аталган кылмыш 13 жаштагы эки бала жана 12 жаштагы бир бала тарабынан жасалганы жана алардын кыймыл-аракеттеринде кылмыштын курамы бар экени аныкталган.

Бирок алардын жаш курагы 14кө толбогонуна байланыштуу иш «жосунда кылмыш курамы болбогон» деген жүйөө менен өндүрүштөн кыскартылып, шектүүлөр атайын каттоого алынган.

Ошондой эле алардын ата-энелерине Укук бузуулар жөнүндөгү кодекстин «Ата-энелик милдеттерден качуу» кылмыш ишинин негизинде айып пул салынган.

«Жагдайга нараазы болгон учурда жабырлануучу тарап жарандык тартипте сот органдарына кайрылууга укуктуу», — деп айтылат милициянын билдирүүсүндө.

Андан сырткары башкармалыктан окуя болуп өткөн «Рауза» атындагы медресенин уруксат кагаздары болбогонуна байланыштуу аны жабуу боюнча тиешелүү мекемелерге сунуштар жиберилгенин маалымдашты.

ТЕМА БОЮНЧА:

Ош: Балдар үйүнүн кызматкери беш жаштагы кызга ырайымсыз мамиле көрсөткөнү айтылды

Ошто балдар үйүндө сабалганы айтылган 5 жашар кыздын окуясы боюнча териштирүү башталды