Ошто балдар үйүндө сабалганы айтылган 5 жашар кыздын окуясы боюнча териштирүү башталды

Ош шаардык прокуратурасы «Лотос» балдар үйүндө сабалганы айтылган 5 жаштагы кыздын окуясын териштире баштады. Бул тууралуу 20-февралда «Клоопко» Башкы прокуратурадан билдиришти.

Көзөмөл органынан текшерүүнүн жыйынтыгына жараша тиешелүү адамдарга юридикалык баа берилет деп убадалашты.

Ал эми Кыйноолордун алдын алуу борборунун Ош облусу боюнча өкүлү Улугбек Абдулазимов 24.kg басылмасына баланын сабалганы тууралуу маалыматтан кийин атайын комиссия түзгөнүн билдирди.

«Психолог бала менен сүйлөштү. Балдар үйүнүн тарбиялануучусунун абалы канааттандырарлык. [...] Текшерүү учурунда кыздын денесинде көк ала тактар ​​катталган эмес. Социалдык тармактарда тараган скриншоттор мындан эки-үч ай мурун тартылган», — деп билдирди Абдулазимов.

Буга чейин Кыйноолордун алдын алуу боюнча улуттук борбордун аймактык бөлүмүнө «Лотос» балдар үйүнүн кызматкери 5 жаштагы тарбиялануучуга катаал мамиле жасаганы тууралуу маалымат келип түшкөн.

Ош шаардык прокуратурасынын өкүлү катышкан комиссиялык топ жерине барып, мекеменин жетекчиси Рахат Амановадан кыздын денесиндеги көгала тактар жана гематомалар эмнеден улам пайда болгонун сураган.

Аманова кыздын денесиндеги тактар «урушуп жаткан балдарды тынчтандыруу максатында кармаганда маникюр жасалган тырмагынан улам пайда болгонун» айткан. Ал эми жүзүндөгү тактар боюнча комиссиянын суроолоруна так жооп бере алган эмес.

ТЕМА БОЮНЧА:

Ош: Балдар үйүнүн кызматкери беш жаштагы кызга ырайымсыз мамиле көрсөткөнү айтылды