Бишкекте аялды зордуктап өлтүрүүгө айыпталган киши өмүр бою эркинен ажыратылды

Бишкекте зордуктоо жана адам өлтүрүү иши менен айыпталган адам өмүр бою эркинен ажыратылды. Бишкек шаардык соту райондук соттун өкүмүн күчүндө калтырды. Бул маалыматты «Клоопко» Жогорку соттон тастыкташты.

2021-жылдын апрель айында Аламедин суусунун көпүрөсүнүн алдынан 40-45 жаштагы аял кишинин сөөгү табылган. Кийин аны өлтүрүүгө шектүү катары 1995-жылы туулган эркек киши кармалган.

Ал буга чейин соттолгону айтылды. Аныктоонун жыйынтыгында, айыпталуучу аялды зордуктап, андан соң өлтүргөнү маалым болгон.

2022-жылдын ноябрь айында Ноокен районунда суудан зордукталып өлтүрүлгөн 19 жаштагы кыздын сөөгү табылган. Кыздын өлүмүнө шектүү катары 58 жаштагы эркек киши кармалган.

2022-жылы Кыргызстанда аялдарга карата жасалган зордук-зомбулук боюнча жалпы 6580 кылмыш иши козголгон. Бул тууралуу башкы прокурор Курманкул Зулушев 31-январдагы маалымат жыйынында билдирген.

Зулушевдин айтымында, бул көрсөткүч 2021-жылга караганда 4290 ишке азайган. Алардын ичинен 2079 кылмыш иши сотко өтүп, 1937 иш соттук өндүрүштөн кыскартылган. Ал эми 1305 иш токтотулса, 478 иш бир өндүрүшкө бириктирилген. Учурда 781 иш тергелип жатат.

Кыргызстанда аялдарга карата зордук-зомбулук

2022-жылы алгачкы он айдын ичинде Кыргызстанда үй-бүлөлүк зомбулуктан 15 аял каза тапкан. Жалпысынан аталган аралыкта 8440 үй-бүлөлүк зомбулук фактысы катталган.

ИИМдин маалыматына караганда, 2021-жылы өлкөдө 10 миңден ашуун үй-бүлөлүк зомбулук фактысы катталган. Бул 2020-жылга салыштырмалуу 12%га көп.

Зомбулуктан көбүнчө аял кишилер жабыркайт. Алардын көпчүлүгү милицияга арыз менен кайрылбагандыктан катталбай, эске алынбай калат.Ошол эле учурда укук коргоочулар аялдарга карата зомбулуктун масштабы укук коргоо органдары берген сандардан кыйла айырмаланат деп эсептешет. Буга бир жагынан көйгөйгө көз жумуу да себеп.

Агрессорду мыйзам чегинде жазалоо абдан татаал — көпчүлүк кылмыш иштери айып пул төлөө же коомдук жумуштарга тартылуу менен чектелет. ошондуктан сот жообуна тартылбай турганын билген агрессор аялды өлтүрүп да коюшу мүмкүн.

Дайыма болуп турган үй-бүлөөлук зомбулук аялдардын күйөөлорү, жарандык никедеги чогуу жашаган адамдары же мурдагы өнөктөштөрү тарабынан өлтүрүлүшүнө алып келет. Адам өлтүрүүнүн бул түрү фемицид деп аталат.

Эгерде сиз жолдошуңуздун же бейтааныш адамдын зомбулулугуна кабылсаңыз, жардам алуу үчүн милиция кызматкерлерине жана өлкөнүн аймактарындагы кризистик борборлорго кайрыла аласыз.

Автору: Айгерим Белек кызы