Түркияда зилзаланын кесепетин жоюу ишине катышкан кыргыз куткаруучулары кайтып келди

«Манас» эл аралык аэропортунда Түркиядагы жер титирөөнүн кесепетин жоюу иштерине катышып келген Кыргызстандын ӨКМнин куткаруучуларын тосуп алышты.

Алар эки топ менен келишти — биринчи түнкү саат 2де, экинчиси — эртең мененки саат 9да келди.

Аэропорттон аларды жакындары, кесиптештери, Түркия элчилигинин өкүлдөрү жана журналисттер тосуп, куткаруучулар оркестрдин коштоосунда даам сызып өтүштү.

Түркия элчилигинин өкүлдөрү кыргыз куткаруучуларына ыраазычылыгын айтышты.

«Адам өмүрүн сактаган улуу баатырларга ыраазыбыз! Чоң рахмат, Аллах баарыңыздарды колдосун», — деди Түркия элчисинин кеңешчиси.

ӨКМдин башчысынын орун басары Акылбек Мазарипов урандылардын алдынан 8 адамды куткаруу — бул чоң көрсөткүч экенин белгиледи.

Кыргызстандан Түркияга жалпы 182 адам жөнөтүлгөн. Анын ичинде 6 дарыгер, боз үй тигүү үчүн 5 адам бар, калганы ӨКМдин куткаруучулары . Алар Түркияда 12 күн болуп, урандылардын алдынан 198 сөөктү алып чыгышкан.

«Ыйлаган күндөрүбүз болду. Тирүү жанды чыгарып жатканда ыйладык, ошол жерде көргөн кырдаалды, эми жүрөгүңөр деле ооруйт экен, телевизордон, соцтармактардан деле көрүп жатсанар керек, бирок өз көзүң менен көргөн башка экен. Мисалы, жанагы алты айлык боюнда бар келинди [уранды алдынан] чыгарганда биз эле эмес, бүткүл дүйнө ыйлады [...] Мындай кырдаалдар эч жерде болбосун», — деди ал.

Ал кыргыз куткаруучулары Түркияда «так жана чын жүрөктөн» иштегенин белгиледи.

6-февралда Түркиянын Сирия менен чек арасында күчү 7 баллдан ашкан катуу эки жер титирөө болгон. Жер титирөө Түркиянын түштүк-чыгышында, Сирия менен чектеш аймагындагы Газиантеп шаарынан 26 чакырым аралыктагы жерде болгон.

Табият кырсыгынан каза болгондордун саны эки өлкөдө тең 21-февралга карата 47 миң адамдан ашып, дагы жүздөгөн адам жабыркады.