«Ала-ТВнын» негиздөөчүсү Артур Халдаров алдамчылыкка шектелип камакка алынды

«Ала-ТВ» компаниясынын негиздөөчүсү Артур Халдаров алдамчылыкка шектелип камакка алынды. Бул тууралуу 22-февралда «Клоопко» Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, арыз жазган адам Халдаров аны 103 миллион сомго алдап кеткенин айткан. Натыйжада «Алдамчылык» беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, шектүү Бишкектин тергөө абагына эки айга камакка алынган.

Прокуратуранын билдирүүсүндө учурда тергөө иштери жүрүп жатканы айтылат.

2021-жылы апрель айында Халдаров «Скай Мобайл» компаниясынын радиожыштыктарын сатуу иши боюнча да күнөөлүү деп табылган. Анда ага «Коррупция» беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, мамлекеттин эсебине 280 миң сом айып төлөөгө милдеттендирилген.

ТЕМА БОЮНЧА:

Радиожыштыктарды сатуу иши. «Ала-ТВнын» менчик ээлеринин бирине дээрлик 300 мин сом айып салынды

Радио жыштыктарын сатуу иши: «Ала-ТВнын» негиздөөчүсү кармалды