Радиожыштыктарды сатуу иши. «Ала-ТВнын» менчик ээлеринин бирине дээрлик 300 мин сом айып салынды

Биринчи май райсоту 29-апрелде «Ала-ТВ» компаниясынын менчик ээлеринин бири Артур Халдаровду радиожыштыктарды сатуу иши боюнча күнөөлүү деп тапты. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы кабарлады.

Соттун маалыматына ылайык, Халдаров «Коррупция» беренеси боюнча күнөөлүү деп табылып, мамлекеттин эсебине 280 миң сом айып төлөөгө милдеттендирилди. Халдаров бул иш боюнча 2020-жылдын июнь айында УКМК кызматкерлери тарабынан кармалган болчу.

Радиожыштыктар иши

Радиожыштыктарды сатуу иши коомчулукка ага экс-премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин да катыштыгы бар болушу мүмкүндүгүнөн улам 2020-жылдын жаз айларында эле белгилүү болгон — буга аны депутат Жанар Акаев айыптап чыккан. Акаев ошол убакта өкмөт башчысы Абылгазиевден Мамлекеттик байланыш агенттигиндеги радиожыштыктарды сатуу боюнча коррупцияга аралашпаганын далилдөөнү талап кылган.

Абылгазиев чырдын шарты менен өргүү алып, андан соң отставкага кеткен. Бирок бул ишке Абылгазиев тиешесинин бар жогу тууралуу расмий айтылган эмес.

Бирок 2021-жылдын январында ал УКМК тарабынан кармалып, Биринчи май райондук соту аны эки айга камакта калтыруу чечимин чыгарган. Аблыгазиев коррупция жана мыйзамсыз баюуга айыпталып жатат.

Анда УКМК Абылгазиев мамлекеттик кызматта турганда, өзүнүн активдерин расмий кирешесинен алда канча чоң кылып, мыйзамсыз көбөйтүп алган деп билдирген. Бул байлыктарын бир жакка жумшаш үчүн, экс-премьер көп кабаттуу үйлөрдү куруу тармагына каржы салып, кылмыш жообуна тартылбаш үчүн бул активдерди башка адамдарга жаздырып койгон.

Мурдагы премьерден тышкары, радиожыштыктарды сатуу ишинде бир катар шектүүлөр бар. Алардын арасында Мамлекеттик байланыш агенттининин мурдагы жетекчиси Чыңгыз Бекташев жана Мамлекеттик байланыш агенттигинин мурдагы башчысы Наталья Черногубова да бар.

Андан тышкары, ушул эле иш боюнча өкмөттүн мурдагы аппарат жетекчиси Самат Кылжыев 300 миң сом айыпка жыгылган.