Ислам өнүктүрүү банкы Суусамыр — Талас —Тараз жолун оңдоого 50 млн доллар насыя берет

Кыргызстан Суусамыр — Талас — Тараз жолун реконструкциялоо үчүн Ислам өнүктүрүү банкынан 50 млн доллар алат. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Банк бул сумманы 25 жылга насыяга берет. Реконструкция талап кылынган тилке 93 чакырымды түзөт. Аталган жол Талас облусунун башталып, Кара-Буура, Манас жана Бакай-Ата райондорун кошо камтыйт.

Министрликтен Суусамыр— Талас — Тараз жолун реконструкциялоонун төртүнчү фазасынын жалпы баасы 105,2 млн долларды түзөрүн кошумчалашты.

«Азыркы тапта насыялык жана гранттык келишимдердин долбоору Жогорку Кеңештин тийиштүү комитеттеринин макулдашуусунда турат», — деп билдирди министрлик.

21-февралда транспорт министринин орун басары Акуналы Досалиев парламенттин транспорт комитетинин жыйынында министрлик башка донорлордон да насыя алууну пландап жатканын айткан.

Досалиевдин айтымында, Сауд өнүктүрүү фондунан 30 млн доллар, ал эми ОПЕК Эл аралык өнүктүрүү фондунан — 15 млн доллар насыя алуу караштырылып жатат.

«Кыргызстандын Министрлер кабинетинин кошумча каржылоо үлүшү 10 млн АКШ долларын түзөт. Ошондой эле Ислам өнүктүрүү банкы уюмга мүчө өлкөлөрдүн тажрыйба алмашуусу үчүн 200 миң доллар өлчөмүндө техникалык жардам берет», — деп айткан.