Кемпир-Абад иши: Абактагы активист Айтбаев төрт айдан бери бир гана жолу сурак бергенин айтты

Кемпир-Абад иши боюнча кармалган Өзгөн районунун тургуну, «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын саясий кеңешинин мүчөсү Акыл Айтбаев абактан кат жазды. Катты 23-февралда «Клоопко» активисттин жакындары жөнөттү.

Айтбаев укук коргоо органдары тергөө иштерин жүргүзбөй жатканын белгилеп, аны төрт айдан бери бир гана жолу суракка алып барышканын айтты.

«Албетте тергѳѳчу да, прокурорлор да, соттор да жогорку жактагылардын мыйзамсыз кѳрсѳтмѳсүн аткарып жатышканы байкалып турат. Бирок эмне үчүн алар ѳз милдеттерин жана мыйзамдын талаптарын так аткарышпайт? Канткенде мыйзамдын толук кандуу иштешин камсыздай алабыз?» — деп суроо салды активист.

Ал соттордун активисттерди дагы эки айга камакта калытрган «негизсиз» чечимине наарызы болду.

Акыл Айтбаев октябрдын аягында Кемпир-Абад суу сактагычынын Өзбекстанга берилишине каршы чыккан 30га жакын саясатчы жана активисттер менен бирге кармаган.

ИИМден алар «массалык башаламандыктарды уюштурууга даярдык көрүүгө» шектелип жатканын билдиришкен. Кармалгандар күнөөлөрү жоктугун, аларга каршы иштер «токулган» деп айтышууда. Алар Кемпир-Абад боюнча позициясын ачык айтып чыккандыктан кылмыш куугунтугу болуп жатат деп эсептешет.

Кармалган активисттер менен саясатчыларды сот эки айга камакка алып, 15-февралда көпчүлүгүнүн баш коргоо чарасын дагы эки айга узарткан. Ал эми бир нече активист үй камагында калтырылып, айрымдары ооруканага жаткырылган.

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев 26-27-январда мамлекеттик сапар менен Кыргызстанга келген. Анда эки өлкөнүн президенти Кемпир-Абад суу сактагычы боюнча келишимге кол койгон.

ТЕМА БОЮНЧА:

Кемпир-Абад ишин эмнеге жашырышты? Эч ким билбейт, анткени ал дагы жашыруун!