Сот Кемпир-Абад иши боюнча кармалган 8 кишини 20-апрелге чейин камакта калтырды

15-февралда Бишкектин Биринчи май райондук соту Кемпир-Абад иши боюнча айыпталып жаткан сегиз кишини 20-апрелге чейин абакта калтырды. Маалыматты 15-февралда «Клоопко» райондук соттун басма сөз кызматынан тастыкташты.

Маалыматка ылайык, Коопсуздук кеңешинин экс-катчысы Кеңешбек Дүйшөбаев, саясатчылар Бектур Асанов, Равшан Жээнбеков, Азимбек Бекназаров, ошондой эле активисттер Али Шабдан, Акыл Айтбаев, Таалайбек Мадаминов жана Илгиз Шаменов эки ай ТИЗО-1де болушат.

Сот өкүмү чыкканга чейин Равшан Жээнбеков ден соолугуна байланыштуу абактан жеке клиникага которулганы белгилүү болгон.

Ал эми Азимбек Бекназаров сот залынан чыгып баратканда ага карата 12 кылмыш иши козголгонун билдирди. Саясатчы алар эмне болгон иштер экенинен кабары жок экенин кошумчалады.

Ушул эле күнү райондук сот «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын мүчөсү Орозайым Нарматова жана куруучу Нурлан Асанбеков 20-апрелге чейин үй камагыда калтырган.

Эртең, 16-февралда Кемпир-Абад иши боюнча абакта жаткан калган активист, саясатчылардын соту болот.

ТЕМА БОЮНЧА:

Кемпир-Абад ишин эмнеге жашырышты? Эч ким билбейт, анткени ал дагы жашыруун!