Милиция Бишкекте чет элдик жаранды тамашага салган пранкерди кармады

Милиция кызматкерлери Бишкекте чек элдик жаранды тамашага салган пранкерди кармап, тергөө бөлүмүнө жеткиришти. Бул тууралуу «Клоопко» Биринчи май райондук милициясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, милиция соцтармакка мониторинг жүргүзүп, чет элдик жаранды тамашага салган адамдын видеосун каттоого алган.

Тасмадан окуя Бишкек шаарындагы ЦУМ соода борборунун жанындагы жер өтмөктө болгонун байкоого болот. Анда белгисиз жигит чет элдик жаранга асылып, аны шакаба кылган.

Жигит чет элдик жарандын «Милиция чакырам. Жакындаба» дегенине карабай ага тап берип, тамашасын уланткан. Ал видеону соцтүйүндөгү барактарына «Пранк. Жакшы общение кылдык» деген баяндоо менен жарыялаган. Кийин блогер видеону өчүргөн.

Ал эми соцтүйүндүн айрым колдонуучулары жигиттин видеосун провокация катары баалап, аны жоопко тартууну талап кылышкан.

Милициядан азыркы учурда бул боюнча тергөөгө чейинки текшерүү иши жүргүзүлүп жатканын белгилешти. Анын жыйынтыгында блогердин аракетине юридикалык баа берилет.

Социалдык тармактарда олуттуу темада пранк катыр видео тартып, жарыялап келгендер буга чейин да катталган. Былтыр Ош шаарындагы жергиликтүү блогер достору менен кыз уурдап, андан кийин пранк экенин айткан. Милиция блогерге тийиштүү чара көрүлөрүн убадалаган.

Кийинчерээк милициянын формасы кийип алып жолдон унааларды токтотуп, айдоочуларды тамашага салган эки бала дагы милицияга түшүндүрмө берген.

Блогер жана жарнама берүүчүлөр көп учурда өздөрүнүн видеолору менен терс көрүнүштөрдү же реалдуу кылмышты адаттагы нерсе катары көрсөтүүгө аракет кылышат.

Кийин жарнаманын авторлору да, жарнамага буйрутма бергендер дагы бул болгону юмор деп актанышат, а бирок ошол эле учурда мындай тамаша аркылуу кылмышты мыйзам ченемдүү кылып жатканын түшүнүшпөйт. Поп-маданият, жарнама, тамашанын продуктулары аркылуу коомдо терс көз карашты калыптандырып келишет.

ТЕМА БОЮНЧА:

Милиция пранк деп кыз уурдоону уюштурган блогер Орозбекке чара көрөт

«Kozu Grill» жарнамасында атасы кызын ала качкандарды бир кесим эт үчүн кечирди. Эмне дейт?