Милиция пранк деп кыз уурдоону уюштурган блогер Орозбекке чара көрөт

Ош ШИИБи «Клоопко» жергиликтүү блогер Орозбекке карата тийиштүү чара көрүлөрүн кабарлады. 11-январда блогердин Инстаграм барагында достору менен кыз уурдап, андан кийин кызга пранк экени айтылган видео чыккан.

Милициядан бардык тийиштүү иштер жүрүп жатканын белгилешти.

Эмне үчүн бул күлкүлүү эмес?

Орозбек социалдык тармактарда блог жүргүзгөн Мээрим аттуу кызды тамашага салууну чечет. Кадрда көчөдө бараткан кызга үч жигит чуркап келип, унаага сала коюп белгисиз багытка алып баратканын көрүүгө болот.

Бул аралыкта кыз аларга каршылык көрсөтүп, кыйкырып, коё берүүнү суранат. Аны канча убакытка жана канчалык алыс алып барышканы белгисиз, бирок бир маалда унаа токтойт.

Кыз ыйлап унаадан түшкөндө ага Орозбек кучак гүл сунуп, бул пранк экенин айткан.

Видеонун башында ал Мээримге «тамашага салуу» үчүн тапшырма түшкөнүн айтып берген. Блогер, чындыгында кылмышка барган, бирок мындан эч кандай жаман нерсени көргөн эмес.

Атак-даңктуу болуп, интернет колдонуучулардын оозуна алыныш үчүн түрдүү треш-стримерлер дагы ушундай эле кылып, «тапшырма боюнча» адамдарга кол салып, аларды сабап кылмыш кылышат. 2021-жылы Орусияда треш-стримерлердин аракети адамдардын жаракат алуусуна, ал тургай өлүмүнө себепкер болуп, кылмыш иштери козголгон.

«Корктум»

Блогер Мээрим. Сүрөт: блогердин социалдык тармактагы барагынан

Мээрим «Клоопко» курган маегинде уурдоого кабылганда коркконун айтып берди. Ал кызды уурдоо тамашаларына терс ойдо экенин дагы белгиледи.

«Уурдап кетишкенде корктум, бирок өтө катуу деле эмес. Себеби балдардын арасында тааныштарым болгон. Пранк тарткан блогерге эч кандай доом жок. Бирок чындап уурдашкан болсо доом болмок. Мен кыздарды уурдап барып мажбурлап никеге тургузууга каршымын — бул туура эмес. Уурдоо шариатка да туура келбейт. Кыздарды ала качкан пранктарга да терс карайм. Мындай пранктар кыздарды коркутуп коюшу мүмкүн», — деп билдирди Мээрим.

Кылмышты нормалдаштыруу

Мажбурлап никеге тургузуу үчүн уурдоо — бул кылмыш, ал үчүн Кыргызстандын мыйзамдарында реалдуу абак мөөнөтү каралган. Бул өлкөдөгү реалдуу көйгөй болуп да эсептелет — статистика боюнча, Кыргызстанда ар бир 17 кыз макулдугу жок мажбурлап никеге тургузуу үчүн уурдалган.

Уурдалган кыз-келиндер көпчүлүк учурда үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан жабыркап, турмушта өз жолун таап кетүүгө мүмкүнчүлүккө ээ болбой, укуктары тебеленген бойдон калышууда.

Блогер жана жарнама берүүчүлөр көп учурда өздөрүнүн видеолору менен реалдуу кылмышты адаттагы нерсе катары көрсөтүүгө аракет кылышат. Кийин жарнаманын авторлору да, жарнамага буйрутма бергендер дагы бул болгону юмор деп актанышат, а бирок ошол эле учурда мындай тамаша аркылуу кылмышты мыйзам ченемдүү кылып жатканын түшүнүшпөйт. Поп-маданият, жарнама, тамашанын продуктулары аркылуу коомдо терс көз карашты калыптандырып келишет.

Кыргызстандагы кыз уурдоо

2013-жылы Кыргызстандын жазык кодексинде ала качуу (мажбурлап никеге тургузуу үчүн кыз уурдоо) үчүн жаза катталданган. Мисалга, 2018-жылдын ноябрь айына карата болгону 895 кайрылуу катталган. Алардын ичинен болгону 18%ы кылмыш ишине өндүрүлүп, сотко болгону 28 учуру жеткен.

ИИМдин маалыматына ылайык, 2021-жылдын тогуз айынын ичинде 187 кыз уурдоо фактысы каттаган. Анын ичинен сегизи гана сотко өткөрүлгөн.

Кыз-келиндердин көбү укук коргоо органдарына кайрылбайт, алар ала качылып барган жердин басымынан ошол жерде калып калышат. БУУнун гендердик маселелер боюнча баяндамасына ылайык, Кыргызстанда ар бир бешинчи үй-бүлө ала качуу жолу менен жаралат.

Жаңы Жазык кодекси боюнча, мажбурлап никеге тургузуу үчүн адам уурдоо жана 18 чыга элек кызды уурдоо эми өзүнчө учурлар катары каралбай калды. Жазык кодексинин 165-беренесине ылайык, адам уурдоо үчүн 5 жылдан 7 жылга чейин эркинен ажыратуу каралган.

Коомдо Бурулай Турдалы кызынын киши колдуу болгону дагы резонанс жараткан. Аны 2018-жылы бир эле киши эки жолу ала качып кеткен. Экинчи жолкусунда эркек кишини милиция кармап, РИИБге камакка алган. Ал жактан кызды өлтүрүп салган.

Үстүбүздөгү жылдын 5-апрелинде Бишкекте 27 жаштагы Айзада Канатбекова мажбурлап никеге туруу үчүн уурдалып, эки күндөн кийин анын сөөгү табылган. Айзаданы уурдаган Замирбек Теңизбаев аны алгач зордуктап, андан соң өлтүргөнү аныкталган.

Милиция Теңизбеков кызды муунтуп, андан кийин өз жанын кыйганын билдирген. Кийин Теңизбаев кызды өлтүрөрдүн алдында зордуктаганы дагы белгилүү болгон.

Аялдарды дагы деле уурдап, никеге мажбурлоо уланууда — ал эми жарнама берүүчүлөр, сериал тарткандар жана поп-жылдыздар кылмышты актап жатышат.

Редакторлору: Айжамал Джаманкулова жана Айдай Иргебаева

ТЕМА БОЮНЧА:

«Kozu Grill» жарнамасында атасы кызын ала качкандарды бир кесим эт үчүн кечирди. Эмне дейт? o_0

«Врач болгусу келген Бурулай». Ала качууга дуушар болгон кыз кантип бычакталып каза тапты?

«АПА» ДЕП КЫЙКЫРДЫ!

«Башканын кызы деген жок». Ала качуу жөнүндө кыска тасма