Ошто күчү 4,5 баллга жеткен жер титирөө катталды

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен Сейсмология институтуна таянып, 23-февралда коңшу Тажикстанда 8 баллга жеткен жер титирөө катталганын маалымдашты. Силкинүү Кыргызстандын аймагында да сезилди.

Маалыматка караганда, Тажикстанда таңкы саат 06:37де башталган силкинүүнүн күчү очогунда 8 баллга жеткен. Ал эми Ош облусунун Алай районунун Бор-Дөбө айылында 4,5 балл, Нура жана Эркештам айылдарында 4 баллга чейин сезилген.

ӨКМден жер титирөөдөн жабыркагандар, кыйроолор катталган жок деп билдиришти.

«Азаттыктын» тажик кызматы жер титирөө 20-25 секундадай Дүйшөмбүдө болгонун, башка жактарда да сезилгенин жазды. Жабыркагандар жана кыйроолор боюнча маалымат айтылган эмес.

6-февралда Түркиянын Сирия менен чектеш аймагында күчү 7 баллдан ашкан катуу эки жер титирөө болгон. Жер титирөө Түркиянын түштүк-чыгышында, Сирия менен чектеш аймагындагы Газиантеп шаарынан 26 чакырым аралыктагы жерде болгон.

Табият кырсыгынан каза болгондордун саны эки өлкөдө тең 23-февралга карата 50 миң адамдан ашып, дагы жүздөгөн адам жабыркады.