Парламентте уюм жана маморгандын баарын тамеки чегүүчү жай ачууга милдеттендирүү сунушталды

Жогорку Кеңеш мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, ошондой эле менчигинин түрүнө карабастан уюмдардын жана ишканалардын жетекчилерин тамеки чегүүчү жайларды ачууга милдеттендирүү сунушталды. Буга байланыштуу мыйзам долбоору 21-февралда парламенттин сайтында коомдук талкууга коюлду.

Мыйзам долбоорунун демилгечилери Улугбек Ормонов, Бактыбек Сыдыков, Элмурза Сатыбалдиев жана Акылбек Түмөнбаев.

Документке ылайык, тамеки чегүүчү жайлар желдетүү системалары менен жабдылган атайын бөлүнгөн обочолонгон, өрт жана санитардык коопсуздук талаптарга ылайык болушу керек. Тамеки чегүүчү жайларды жабдуулоо талаптарын Министрлер кабинети бекитет. Мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары үчүн атайын тамеки чегүүчү жайлар мамлекеттик бюджеттин эсебинен уюштурулат, ал эми жеке менчик ишканалар аталган жайларды өз эсебинен түзүшү керек болот.

Маалымкат-негиздемеде тамеки чегүү үчүн өзүнчө обочолонгон жайлар «зыян келтирбе деген принципти камсыз кылуу, башка жарандардын ден соолугун жана адеп-ахлагын сактоо үчүн» керек экени айтылат.

Демилгечилер 14 жашка чейинки балдардын тамеки сатуусуна да тыюу салууну каалашат. Учурда Эмгек кодексинин жоболоруна ылайык 14 жашка чыккан окуучулар окуудан бош мезгилинде ден соолугуна зыян келтирбеген жана окуу процессин бузбаган жеңил жумуш аткаруу үчүн ата-энесинин биринин (камкорчу, көзөмөлчү) же камкордук көрүү жана көзөмөлдөө органынын жазуу жүзүндөгү макулдугу менен эмгек келишимин түзө алышат.

Тыюуну бузгандарга айып салуу сунушталууда, жеке жактарга 5,5 миң сом, ал эми юридикалык жактарга — 17 миң сом.

Башкы бетке июллюстративдик сүрөт коюлду.