Бишкекте кургак учукка каршы жаңы оорукана иштей баштады

Бишкек шаарында кургак учукка каршы гранттык долбоордун негизинде 6,5 млн еврого курулган жаңы оорукананын ачылышы болду. Бул тууралуу 24-февралда министрлер кабинетинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, жаңы жабдуулар менен камсыздалган заманбап клиника «Кургак учук менен күрөшүү программасы — V» гранттык долбоорунун алкагында Германия өнүктүрүү банкынын каржылык колдоосунда курулду.

Мекеменин ачылыш аземине минкабдын төрагасынын орун басары Эдил Байсалов, Германиянын Кыргызстандагы элчиси Габриэла Геллил, Германия өнүктүрүү банкынын (KfW) аймактык директору Андреас Шнайдер жана герман парламентинин делегациясы катышты.

«Германия өнүктүрүү банкы биздин өлкөгө 1992-жылдан бери түрдүү тармактар боюнча 298 млн евродон ашык каражат бөлгөн. Германиянын биздин калыптануубузга жана туруктуу өнүгүүбүзгө, ошондой эле глобалдык пандемия учурунда колдоо көрсөтүүсүн жогору баалайбыз», — деп айтты Эдил Байсалов.

Ошондой эле ал, кыргыз бийлиги Германия менен эки тараптуу мамилелерди чыңдоого кызыкдар экендигин баса белгиледи.

Минкабдын маалыматына караганда, кургак учукка каршы шаардык ооруканада 128 керебет бар. Аны менен катар анда кургак учуктун дарыга туруктуу, сезгич, ачык жана жабык түрлөрүн дарылоочу палаталар каралган.

«Ооруканада заманбап желдетүү системасы иштелип чыккан, ХЕПА-фильтрлери орнотулган (алар микробдорду тышка чыгарбайт), ультра кызгылт көк бактерициддик лампалардан өткөн аба дезинфекцияланып турат», — деп айтылат минкабдын билдирүүсүндө.

Медициналык мекеменин радиологиялык жана интенсивдик терапия бөлүмү керектүү медициналык жабдуулар менен жабдылып, лабораторияда гематологиялык, биохимиялык, заара, ИФА анализаторлору орун алган.

Дареги: Бишкек шаары, Элебесов көчөсү, 211.

Саламаттык сактоо министрлиги 2022-жылдын мартында Кыргызстанда COVID-19 пандемиясынан кийин кургак учуктун жаңы учурларынын көбөйүшү байкала баштаганын билдирген.

Министрликтин маалыматына ылайык, 2021-жылы кургак учук менен 3877 бейтап аныкталган. Бул көрсөткүч 100 миң адамдын 58,9у дегенге барабар. Ал эми 2020-жылы кургак учуктун жаңы 3518 учуру (100 миң адамга 53,5), 2019-жылы 596 (100 миң адамга 78,9) учуру катталган.

Аталган илдет эң көп Чүй облусунда катталса, ал эми эң төмөн көрсөткүч Ысык-Көл облусунда байкалган.

ТЕМА БОЮНЧА:

USAID Кыргызстандын ооруканаларына 15 млн сомдук медициналык жабдуу берди