Бишкек: Милиция аялын жана алты айлык баласын сабоого шектелген кишини кармады

Бишкек шаарында 35 жаштагы киши аялын жана алты айлык баласын сабоого шектелип кармалды. Бул тууралуу 26-февралда «Клоопко» Свердлов райондук милициясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 25-февралда аял күйөөсү аны жана кичинекей баласын сабаганын айтып, милицияга кайрылган.

Милиция шектүүнү кармап, убактылуу кармоочу жайга киргизди. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Kaktus.media басылмасы аял баш мээсинен жана денесинин жаракат алып, Улуттук госпиталдын травматология бөлүмүнө жаткырылганын жазды.

Ал эми алты айлык наристе балдардын тез жардам ооруканасында экени кабарланды. Ага баш сөөктүн сыныгы деген диагноз коюлуп, денесинде көгала тактар бар экени жана териси сыйрылганы айтылды.

Кыргызстандагы аялдарга карата зомбулук

Башкы прокуратуранын маалыматына ылайык, 2022-жылы Кыргызстанда аялдарга карата жасалган зордук-зомбулук боюнча жалпы 6580 кылмыш иши козголгон.

Зомбулуктан көбүнчө аял кишилер жабыркайт. Алардын көпчүлүгү милицияга арыз менен кайрылбагандыктан катталбай, эске алынбай калат. Бул үй-бүлөлүк зомбулуктун масштабы расмий статистикадан алда канча чоң экенинен кабар берет.

Агрессорду мыйзам чегинде жазалоо абдан татаал — көпчүлүк кылмыш иштери айып пул төлөө же коомдук жумуштарга тартылуу менен чектелет. Ошондуктан сот жообуна тартылбай турганын билген агрессор аялды өлтүрүп да коюшу мүмкүн.

Дайыма болуп турган үй-бүлөлүк зомбулук аялдардын күйөөлөрү, жарандык никедеги чогу жашаган адамдары же мурдагы өнөктөштөрү тарабынан өлтүрүлүшүнө алып келет. Адам өлтүрүүнүн бул түрү фемицид деп аталат.

Эгерде сиз жолдошуңуздун же бейтааныш адамдын зомбулулугуна кабылсаңыз, жардам алуу үчүн милиция кызматкерлерине жана өлкөнүн аймактарындагы кризистик борборлорго кайрыла аласыз.