ӨКМ кредитке Испаниянын Airbus-C295 учагын сатып алууну пландап жатат

Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев ведомство Испаниянын Airbus-C295 учагын сатып алууну пландап жатканын билдирди. Бул тууралуу Ажикеев Испаниянын Кыргызстандагы элчиси Хорхе Урбиолу Лопеса де Монтенегро менен жолугушуусунда айтты.

Министрдин айтымында, аларга учак өзгөчө кырдаал болгон райондорго куткаруучуларды жана тийиштүү жабдууларда тез арада жеткирүүгө, айрыкча авиациялык издөө-куткаруу иштери учурунда керек.

Өз кезегинде Испания элчиси аталган учактарды чыгарган Airbus Defence and Space компаниясы жана учактын мүнөздөмөлөрү тууралуу айтып берди. Анын айтымында, Airbus-C295 учагын Кыргызстанда колдонсо болот.

Бирок учак кымбат болгондуктан тараптар Азия өнүктүрүү банкынан насыя алуу маселесин талкуулашты. Ар башка булактардын маалыматына ылайык, Airbus-C295 учагынын баасы 28-40 млн долларга чейин турат.

Airbus-C295 — аскердик-транспорттук учак. Ал 580 км/с чейин ылдамдап, бортуна жүк толтуруп алып 1,3 километрге чейин учуп жете алат. Учактын жүк көтөрүмдүүлүгү 9,3 тоннаны түзөт, ошондой эле бортуна 71 адамды сала алат.