Токмок: Шаардык кеңештин депутаттары «Яндекс.Таксинин» кызматкерин коркуткан

Токмокто шаардык кеңештин эки депутаты «Яндекс.Таксинин» кеңсе кызматкерин коркуткан. Бул тууралуу шаардык кеңештин депутаты Чолпон Сыдыкова Фейсбук барагында билдирди.

Анын айтымында, 26-февралда бир нече киши компаниянын жаңыдан ачылып иштеп баштаган кеңсесинин кызматкерин коркутушкан. Видеодон Сыдыкова Токмок шаардык кеңешинин депутаттары Кайрат Чокеев менен Зафар Абраимовду, ошондой эле депутат Абраимовдун «Люкс» такси кызматына ээлик кылган бир тууганы Саид Абраимовду тааныган. Сыдыкованын айытымында, үчөө тең шаардын мэри Урмат Самаевдин жан жөкөрлөрү.

«Токмоктун “кожоюну” ким бизнес кыла алат, ким кыла албасын чечип жатат. Самаев келгенден бери 90-жылдар кайттык — бизнести коркутуу, тымызын опуза жана бизнеске өкүмзордук. Анан кантип инвестор жана бизнесмендер келет деп айтмак элек. Аларды мына ушундай нерселер күтөт», — деп жазды Сыдыкова.

Чүй ОИИБден 26-февралда аларга бир кыз арыз жазып кайрылганын билдиришти. Ал «Яндекс.Таксинин» кеңсесине келип, сөгүнүп-сагынып, кызматкерлерди коркуткан 6-7 кишиге чара көрүүнү суранган.

Милициянын маалыматына ылайык, бул факты боюнча текшерүү башталып, окуяга тиешеси барлардын тек-жайы аныкталган.